Авторитет - (немисче - аutorität, латынча – auctoritas таасир, бийлик) айрым инсан, топ же уюм тарабынан адамдардын ишенимине жана иш-аракеттерине көрсөтүүчү таасири, башкача айтканда башкаруу төбөлдөрүнүн бийликти ишке ашыруу формаларынын бири. Авторитет мамилелери коомдук турмуштун эң эле ар түрдүү чөйрөлөрүндө: үй-бүлөдө (ата-энелер авторитети), мектепте (мугалимдин авторитети), илимий ишмердүүлүктө (окумуштуунун авторитети), формалдашпаган топтордо (лидердин авторитети), уюмдарда (жетекчинин авторитети) ж. б. пайда болот. Авторитеттин таасирдүүлүгү инсандын айланасындагылар менен анын башкалардан айырмаланган жөндөмүнүн таанылышы. Андай жекече сапаттары (компотенттүүлүгү, билимдүүлүгү, ыймандуулугу, тажрыйбалуулугу), теги (дворян сословиесине, калк кастарлаган үй-бүлөгө таандык болушу), курамы, социалдык статусу, маалымдуулугу, байлыгы, сиңирген эмгеги, диний мансабы, жетекчилик кызматы д. у. с. калк тарабынан моюндалышы жана баш ийүүсү ага кеңеш берүүгө, тескөөгө, буйрук берүүгө формалдуу же формалдуу эмес укуктуу берет. Ошондуктан авторитет бийликтин формасы болуп саналат. Авторитет мажбурлоонун тарыхый өзгөрмө формалары менен индивиддердин пикирин, сезимдерин, иш-аракеттерин белгилүү бир нормалар менен жоболорго моюн сундуруунун ортосундагы социалдык байланыш менен өзара мамиленин белгилүү бир тибин чагылдырган категория катары мүнөздөлөт. Анын үч түрү бар: 1) күч авторитети (архаикалык коомдо); 2) ишеним авторитети (салттуу коомдо); 3) жүйөлүү акыл-эс авторитети (индустриалык коомдо). Авторитеттин формаларынын тарамдалышы философияда дыкат изилденген. Антикалык мезгилдеги моралдык Авторитеттин үстөмдүгү ошол кылымдарда диний авторитет менен алмаштырылган. Гоббстон тартып Жаңы мезгилдин философиясында диний авторитет четке кагылып, илимий билимдерге негизделген адеп-ахлактык авторитеттин мааниси баса белгилене баштаган. Англиялык жана француздук Агартуучулук доордо акыл-эстүү же жүйөлүү укукка негизделген авторитет тууралуу окуулар иштелип чыккан. Учурдагы саясий философияда авторитет каалагандай күч менен бийликтин зарыл шарты катары каралат. жетекчинин (педагогдун) айткандарына, көрсөтмөлөрүнө, кеңешине, оюна кол алдындагылары (тарбиялануучулар, окуучулар) канчалык даражада ынанып баш ийише тургандыгынын чени. Авторитет кызматтык жана өздүк болушу ыктымал. Кызматтык авторитет административдик түрдө тигил же бул кызматка дайындоочу буйрук менен түзүлөт, ал эми өздүк авторитет болсо жетекчинин (тарбиячынын) билимдүүлүгү, ишмердиги, моралдык жагымдуулугу, ишке компетенттүүлүгү, адептүүлүгү, сылыктыгы аркылуу гана пайда болушу мүмкүн. Чыныгы жетекчи кызматтык авторитет менен гана чектелип калбастан, аны өздүк авторитет менен байытууга тийиш.

Авторитет менен катар кадыр (престиж) деген түшүнүк да көп колдонулат.

Кадыр – жетекчинин жөндөмдүүлүгүн, артыкчылыгын, билимин, эмгегин, бай тажрыйбасын, акылдуулугун анын кол алдындагылары (тарбиялануучулары) канчалык даражада урматтай тургандыгын билдирет. Жетекчинин авторитети менен кадыры үчүн анын өздүк сапаты чоң роль ойнойт, бирок алар аны менен гана камсыз кылынбайт.

Ата-эненин авторитетиата-энени сүйүүгө жана урматтоого, алардын турмуштук тажрыйбасына, айткан сөзүнө, иштеген ишине ишенүүгө негизделген атанын жана эненин балдарга тийгизүүчү таасири. Бул тарбиялоонун эң зарыл шарты болуп эсептелет. Кенже жаштагы балдардын тарбияланышында ата эненин авторитети негизги роль ойнойт, мындагы тарбия атанын жана эненин чынчыл, адилет экендигине болгон баланын ишенимине, ата-эненин жасаган иштерин жана жүрүш-туруштарын баланын кайталап жасап тууроого умтулуусуна негизделет. Так режимде жана туура талапта тарбияланган бала «мүмкүн», «мүмкүн эмес», «керек», «кереги жок» деген түшүнүктөрдүн маанисин иш жүзүндө баамдап өздөштүрөт.Бала канчалык улуураак (чоңураак) болгон сайын ата-эненин коомдук жана адептүүлүк авторитети ал үчүн ошондой маанилүү боло баштайт. Бала атасынын же энесинин коомдук ишмер экендигин, анын коомго сиңирген эмгегин, жетишкен ийгиликтерин билүүгө жана аны менен сыймыктанууга тийиш. Алардын үй-бүлөдөгү мамилелердин жакшылыгынан жана тарбиянын туура коюлушунан түзүлөт. Ата-эне балага талапты катуу коюуга тийиш, бирок талапкерчилик менен катар балага ишенүүчүлүк, чыныгы жароокерлик дайыма болушу керек, ансыз бала ата-энеге берилип чын сырын айтпайт. Эгерде балдар ата-энелерин сүйүп урматтаса, өздөрүнүн көңүлүндө ыйык сактала турган сырларын жана тилектерин ортого салып сырдашса, алардын айткан кеңештерин угуп, талаптарын ыктыярдуулук менен аткарышса, анда дал мына ошонун өзү чыныгы жана жетилген авторитет болуп эсептелет. Коомдогу адептүүлүктүн жогорку принциптерине, баланын турмушун, ага жардам берүүнү жана аны тарбиялоого жоопкерчиликти сезе билүүгө негизделген мындай авторитет чоң балдар үчүн да өз күчүн жоготпойт.Ата-эненин авторитетин бекемдөөдө мектептин жана мугалимдердин ролу зор. Ата-энелер да мугалимдин авторитетине кылдаттык менен мамиле кылуу керек.

Мугалимдин авторитети – мугалимдин окуучуга тийгизүүчү таасири, тарбиялоонун зарыл шарты. Мугалимдин авторитети анын чыныгы инсандыгынын тарбиялоодогу ролу менен аныкталат. Мугалимдин коомдогу ролу, жалпы адамзаттык прогрессивдүү идеяларга берилгендиги, өзүнүн коомдук-саясий активдүүлүгү анын авторитети башкы негизин түзөт. Мугалимдин авторитети анын айрым окуучулар менен болгон мамилеси менен гана аныкталбастан, баарыдан мурда ал анын бүткүл коллектив менен болгон мамилесине жараша болот. Коллективди барктоо мугалимдин авторитетин күчөтөт, ал ар кандай окуучуну баш ийүүгө ынандыруучу күчкө айланат. Мындай авторитетке ээ болуу үчүн мугалим башка сапаттар менен катар балдар коллективинин ташкындаган чыгармачылык турмушун уюштура алгыдай жөндөмдүүлүккө ээ болууга тийиш.

Мугалимдин авторитети мектептин бүткүл педагогикалык коллективинин авторитетине таянат. Педагогикалык коллектив канчалык ынтымактуу, биримдик болсо, анын окуучулар, ата-энелер жана коомчулук арасындагы жалпы авторитети да ошончолук жогору болот, ар бир мугалим да авторитеттүү болот. Албетте, өз предметин окутуу менен гана чектелип калбастан, бүткүл мектептин турмушуна кам көрүп, коомдук иштерге активдүү катышуучу педагогдун авторитети башкалардыкынан алда канча жогору турат.

Мугалимдин адептүүлүк турпаты (облиги) анын авторитетинин күчүн бир кыйла аныктайт. Эрте жаштан баштап эле балдар адамдык нарктуу моралдын негизги нормаларын өздөштүрө баштайт. Аларда адептүүлүктүн идеалы калыптанат да, алар ага жакындоого умтулушат. Албетте, балдар мындай идеал деп баарыдан мурда өздөрүнүн насаатчысын эсептегиси келет. Мугалимдин ар бир сөзүн, ар бир ишин балдар мына ушундай эң жогорку эталон менен өлчөгүсү келет. Ошондуктан мугалимдин сабакка кичине эле кечиккени, контролдук иштин бир эле күнгө кечиктирилип берилиши анын авторитетин бошоңдотушу мүмкүн. Окуучулар окууга, коомдук иштерге, жолдошторуна түрдүү мамиле жасашат. Ошого жараша алардын жүрүш-туруштарына мугалим да түрдүү мамиле жасай тургандыгы белгилүү. Бирок мугалим адилет эмес деген жалган ой эч бир балада болбоого тийиш. Муалимдин авторитетинин зарыл негизи болуп анын билимдүүлүгү, предметти эң мыкты билиши жана педагогикалык устаттыгы эсептелет. Балдар мугалимдин бул сапаттарын эң кылдат сезе билишет, мугалимдердин ар кайсынысынын кадыр-баркы жана кемчилиги жөнүндө алардын өздөрүнүн ою болот.

Мугалимдин авторитетинин күчү көбүнчө анын адамгерчилик сапаттарына: балдарды сүйүүсүнө, мүнөзүнүн катуулугуна, боорукерлигине, шайыр-шаттуулугуна жараша болот. Мугалимдин личностунун сүйкүмдүүлүгү балдарды багынтат, аларды толук чечилип сырларын чын жүрөктөн айтууга алып келет, анын көңүлүнө жана мактоосуна татыктуу болууга аракеттенүүнү пайда кылат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,
  • Политология (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2000,