Бийлик – башкаруу же буйруу менен бирөөнүн аракетин өз эркине баш ийдирүүгө мүмкүндүгү бар бедел, укук, күч (экономикалык, саясий, мамлекеттик, үй-бүлөлүк ж. б.).

Эмоционалдык бузулуулар бар, алар бийликтин бардык түрлөрүндө, анын ичинде hubris синдрому, мегаломания, хамартия же нарциссизм менен айырмаланат.

Бийлик тап коому менен кошо чыккан. Тап менен мамлекет келип чыкканга чейин үстөмдүк кылуучу аппарат, мажбурлоочу мекемелер болгон эмес. Кийинчерээк туугандык уруулук байланыштар бузулуп, уруу аксакалдарынын авторитетинин ордуна коомдук Бийлик пайда болуп, үстөмдүк кылуу функциясына ээ болот.

Бийлик термини турмушта ар кандай түрдө колдонулууда. Мисалы: ата-энелер бийлиги, мамлекеттик бийлик ж. б.

Коомдук илимде жана саясатта бийлик – бул адамдын иш-аракетине, ишенимине же башкалардын жүрүм-турумуна таасир этүү жөндөмү. «Бийлик» термини коомдук түзүлүш мыйзамдуу(легитимдүү) деп кабыл алган бийликке карата колдонулат. Аны авторитаризм менен чаташтырбоо керек. Бийлик жамандык же адилетсиздик катары каралышы мүмкүн; ошентсе да, бийликти жакшы нерсе жана башкаларга жардам берүү, өбөлгө түзүү, күч-кубат берүүчү гуманисттик максаттарга жетүү үчүн мураска калган же мурас катары берилген нерсе катары кароого болот. Адатта, бул эки объекттин(объект/субъект) жана айлана чөйрөнүн өз ара көз карандылык факторлорунан улам келип чыгат. Күч колдонуу сөзсүз түрдө күч колдонууну же күч менен коркутууну (мажбурлоону) камтыбайт. Күчтү эзүүсүз колдонуунун мисалы, катуу күчкө каршы «жумшак күч» түшүнүгүн айтууга болот. Мамлекеттин негизги белгилеринин бири бул – саясий бийлик. Саясий бийлик жөнүндө сөз кылганда, сөзсүз аны түшүнүп алуубуз керек: Биринчиден, коом – бул татаал система; аны башкарууга, андагы мамилелерди иретке салууга, жетишилген жакшы нерсени сактоого муктаж. Бийлик коомдун өнүгүшүнүн бардык баскычтарында болгон. Таптык коомдо да, алгачкы жамааттык коомдо да бийлик ар качан болуп келген. Бийлик бул – коомдук көрүнүш. Экинчиден, бийлик ар дайым коомдук мамилелердин чегинде, адамдардын ортосундагы мамилелер түрүндө (өзүнчө индивиддер, жамааттар ж.б.) иштейт.

Бийлик социалдык мамиле гана эмес, бийлик мамилеси(властеотношение) түрүндө да ишке ашат.
Бул эки тараптуу мамиле. Мында субъектилердин бири башкаруучунун, экинчиси – баш ийүүчүнүн милдетин аткарат.  Алар бийлик мамилелеринин объектиси жана субъектиси болуп саналат.

Үчүнчүдөн, бийлик белгилүү бир мекемелерде жана институттарда ишке ашат. Анын сыртында бийлик өз функцияларын аткара албай калат. Төртүнчүдөн, башкаруучунун эрки императивдик көрсөтмөлөр (социалдык нормалар) түрүндө ишке ашат. Алар бийликтин иштөө шарты жана каражаты болуп эсептелет. Ошентип, социалдык бийлик коомдук мамилелерди жөнгө салуу ролун аткарат. Бешинчиден, бийлик интеллектуалдык жана эрктүү процесс. Башкача айтканда, бийликтин көрүнүшү(проявление) жана ага баш ийүү түшүнүү менен (осознанно) болушу керек. Бийликтин тигил же бул ыкмасын колдонуу бийликти жүзөгө ашыруунун конкреттүү тарыхый шарттарына, анын мүнөзүнө жана түзүлүшүнө(структура) байланыштуу. Илимий адабиятта бийлик жөнүндө жалпы түшүнүк жок. Бул да болсо кубулуштун татаалдыгы менен түшүндүрүлөт. Саясий ой бийликтин булактарына болгон мамилесине жараша анын бир нече аныктамаларын иштеп чыккан. Ата Мекендик юридикалык илимде бийликке иш-аракет эркиндиги, субъекттин өз максатына жетүү мүмкүнчүлүгү, бирөөнү же бир нерсени тескөө мүмкүнчүлүгү катары көз караштар кеңири жайылган. Бийликтин трактовкаларынын эч бири универсалдуу боло албайт. Көбүнчө, бийлик бир субъекттин (адамдын, команданын, уюмдун) ар кандай ыкмаларды жана каражаттарды колдонуу менен башкалардын жүрүм-турумуна таасир этүү жөндөмү (касиети) жана мүмкүнчүлүгү катары аныкталат. Бул учурда мындай таасирди өз эркине, өз кызыкчылыгына же башкалардын кызыкчылыгына таңуулап(шылтоолоп) жасайт. Жогоруда да бийликтин маанилүүлүгү айтылып кетти. Бийликтин маанисин кароодо анын функцияларына көз жүгүрттүү керек. Коомдогу бийликтин функциялары:

• коомдун бардык мүчөлөрү үчүн бирдиктүү жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелерин белгилөө;
• коомдун мүчөлөрүнүн жеке иш-аракеттеринин ырааттуулугун камсыз кылуу;
• коомдун мүчөлөрүнүн жалпы кызыкчылыктарын аныктоо жана жүзөгө ашыруу;
• социалдык чыр-чатактарды жөнгө салуу жана коомдук тартипти сактоо.

Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай бийлик ырааттуулук үчүн керектүү бир институт. Ал бардык нерсени жөнгө салат. Башка бир тараптан карап көрсөк, бийлик жетишилген ийгиликтерди сактоо үчүн гана эмес аны алга жылдыруу үчүн да керектүү. Бийлик(кратос) адамзат коомунун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Ал ар түрдүү шекилде биздин жашообузда орун алган. Жада калса анын жоктугу да охлократияга алып келет. Бул да болсо бийликтин бир түрү. Башаламандыктын аягы же нормалдуу эсептелген бийликтин келиши же апокалипсис менен бүтөт. Бийликтин маанисин түшүнүү үчүн анын жоктугун, ал «алып келген» жетишкендиктердин жоктугун элестетүү жетиштүү.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8