Автотипия (авто жана гр. typos — из түшүрүү) — кош түстүү нускаларды (фото жана түстүү сүрөттөрдү) бийиктиктен басуу ыкмасы менен фотографиялап көчүрүүнүн полиграфиялык жолу. Автотипияда сүрөттү көп сандаган майда чекиттерге бөлүү талап кылынып, бул үчүн растр колдонулат.
Растр — бетине жарык түшүрүлгөн кара сызыктар тик бурчтук боюнча жайгаштырылып, бири бирине чапталган кош айнек. Басылуучу кагаздын сапатына жана басуу ылдамдыгына жараша 1 сантиметрдеги сызыктын жыштыгы ар түрдүү (24 төн 80 ге чейин) болгон растр пайдаланылат. Мында 1 см2 аянтка 576—6400 чекит түшөт. Нусканы көчүрүүдө растр фотоаппараттын камерасындагы жарык сезгич пластинкадан бир аз алыстыкта жайгаштырылат. Нускага тийген жарык андан чагылып, объектив менен растр аркылуу өткөндө, көп сандаган нурларга бөлүнүп, пластинканын бетинө көп чекит болуп түшөт. Мында сүрөттүн күңүрт жериндеги чекиттердин диаметри кичинекей, агыш жериндеги чекиттердики чоң болгон негатив алынат. Аны жарык сезгич катмардуу цинк пластинкасына түшүргөндө, растрлуу позитив сүрөтү пайда болот. Цинк пластинкасындагы сүрөттү азот кислотасы менен бир нече жолу иштеткенде, чекиттин арасындагы металл аймактар оюлуп түшүп, чекиттер томпоюп чыгып калат да, бийиктиктен басуу формасы алынат.
Мындай растрлуу же торлуу клишелер автотипия деп аталат. Клишенин кагазга басылып алынган тагы да автотипия болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.