Азот кислотасы HNO3 – бир негиздүү күчтүү к-та. Түссүз суюктук, тыгызд. 1,5 г/см3, кайноо t 86оC, суу менен жакшы аралашат азеотроптук аралашманы пайда кылат. Суусуз таза А. к. абада түтөйт. Практикада 98-100 % А. к-на караганда 63-65 %, тыгызд. 1,44 г/см3 болгон А. к. көбүрөөк колдонулат. А. к-нын туздары жалпысынан нитраттар деп аталат. Күчтүү окистендиргич болгондуктан, туз к-тасы менен күкүрт к-тасынан айрымаланып, металлдар менен болгон реакциясында суутек бөлүнүп чыкпайт. Конц. А. к.-да алтын, платина өңдүү металлдан башка металдар баары окистенет. Бир көлөм (63 %) конц. А. к. менен үч көлөм туз к-тасынын аралашмасы “падыша арагы” деп аталат да, мында алтын жана платина металлдары ээрийт.

Аu+HNO3+4HCI = H[AuCI4]+NO+2H2O 3Pt+4HNO3+18HCI=3H2[PtCI6]+4NO+8H2O Өнөр жайларда А. к. аммиакты катализатор катышуусунда окистендирүү менен алынат: 4NH3+5O2-4NO+6H2O 2NO2+O2+2H2O-4HNO3

Лаб-ялык шартта конц. күкүрт к-тасын нитраттарга таасир этүү менен алынат. NaNO3+H2SO4=NaHSO4+HNO3

Өнөр жайларда А. к. боекторду, жарылуучу заттар, азот жер семирткичтерин жана А. к. туздарын алууда, металлдарды (жез, коргошун, күмүш) эритүүдө, алтын менен күмүштү кенден ажыратууда колдонулат. А. к-нын буусу адамды ууландырып, эритмеси терини күйгүзөт. Өнөр жай имаратындагы өлчөмү 50 мг/м3дан ашпоого тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү