Агартуучу акиташ - Кальций гипохлоритинен Сa(CIO)2 кальций хлоридинен CaCI2, өчүрүлгөн акиташ Ca(OН)2 кристаллдашкан суудан турган, хлор жыттанган, ак түстөгү татаал комплекс. Анын көлөмдүк массасы 500 кг/м3га жакын. Товардык агартуучу акиташ курамы 1,5 Ca(CIO)2•1,5СaСI2•3Ca(OH)2•nH2O турат. Ал 28 % 30 % чейин активдүү хлордуу (акиташ м-н туз кислотасынын ортосундагы аракеттенүүдөн пайда болгон хлор). 10 % жакын сууну камтыйт. Агартуучу акиташты газ түрүндөгү хлор м-н өчүрүлгөн акиташтан алууга болот. Узак убакыт сактоодо агартуучу акиташ акырындык м-н ажырайт. Бир жылда ал 10 % активдүү хлорду курамынан бөлүп чыгарат. Ажыроо процесси абада көмүр кычкыл газын ж-а сууну сиңирүү м-н ылдамыраак жүрөт. Орг. бирикмелер катышуусунда, кээ бир металлдар (Fe, Ni, Ca) катализатордук таасиринен, ысытууда агартуучу акиташ тез ажырайт. Агартуучу акиташ күчтүү окистендиргич. Турактуу агартуучу акиташтын курамында 2 % суу болот. Ал курамынан 7-8 % активдүү хлорду 8 жылда бөлүп чыгарат. Ал жогорку температурада кайнап, өчүрүлгөн акиташты хлорлоо м-н алынат. Ал медицинада антисептик катары бөлмөлөрдү, идиш аяктарды дезинфекциялоодо, сууну хлорлоодо, таштандыларды зыянсыздандырууда, ченемдүү өлчөмдө целлюлоза ж-а кездемелерди агартууда, химиялык хлорлоо реацияларында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш С. Адылов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6