Агитация (лат. agitatio – кыймылга келтирүү) – кеңири эл массасынын же бир социалдык топтун саясий жигердүүлүгүн көтөрүү жана саясий аң-сезимди жогорулатуу үчүн оозеки, басма ж.б. массалык маалымат каражаттарын колдонуу менен идеяларды, программаларды таратуу ишмердиги. Өзгөчө шайлоо компаниялары мезгилинде талапкерлер жана саясий уюмдар тарабынан кеңири колдонулат. Пропаганда менен тыгыз байланышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9