Агрегат станогу, же агрегат теси — стандартташтырылган, бирок бири-бири менен кинематикалык агрегаттар аркылуу өз-ара байланышпаган агрегаттардан куралган атайын металл кесүүчү механизм. Кыймылдардын өз-ара көз карандылыгы жана удаалаштыгы бирдиктүү башкаруу системасы аркылуу агрегатка берилет. Башка тетикти иштетүү үчүн аны тез өзгөртүп түзүүгө, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, көп аспап менен бир нече ишти бир эле убакта аткарууга, долбоорлоонун мөөнөтүн кескин кыскартууга болот. Агрегат станогу негизинен ири сериялык өндүрүштө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1