Адабий музейлер – жалпы бир улуттун же өлкөнүн адабиятынын тарыхына, ошондой эле көрүнүктүү жазуучуларынын өмүрүнө, чыгармачылыгына байланыштуу улуттук тарыхый мааниге ээ документтер, кол жазмалар, түрдүү эскермелер жыйналып, сакталуучу маданий жай. Кыргызстанда музейлер 20-кылымдын 20-жылдарында уюшула баштаган. Музейлер элдин тарыхый-маданий мурасын сактоонун жана даңазалап жайылтуунун негизи болуп эсептелет, алар иш мүнөзү боюнча үч багытта жүргүзүлөт: 1) экспонат чогултуу, эсепке алуу, кайталоо, сактоо, бардык экспонаттарга илимий баяндама жазуу; 2) көрүүчүлөр үчүн даярдалган дайыма иштөөчү, илимий-негизделген экспозициялар; 3) элдин маданий, тарыхый мурастарын экспозициялар, көргөзмөлөр, иш-чаралар аркылуу аларды ММКларда жарыялоо менен пропагандалоо. Кыргызстанда Токтогул атындагы адабият музейи (Бишкек шаары), А. Осмонов музейи (Панфилов району), Ч. Айтматов музейи (Талас областы) иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1