Адабий процесс – элдин, өлкөнүн, аймактын, дүйнөнүн адабиятынын белгилүү бир учурдагы, доордогу, мезгилдеги жашап турушу жана өнүгүшү. Ал өтө татаал, көп катмарлуу байланыштарда жана таасирлерде, алака- катышта болот. Адабий процесс бул адабиятка бир эле мезгилде бир нече авторлордун келиши жана алардын эстетикалык, рухий- ыймандык, гуманисттик асылдыктарды топтошу. Азыркы кыргыз адабий процесси маселен 50- жылдардагы адабий процесстен бир топ айрмаланат, бул коомдун, тарыхтын, сүрөткерлердин өзгөчөлүктөрү менен байланышат. Ошондой эле адабий процессте социалдык маселеси, идеологиялык көз карашы, эстетикалык деңгээли ар түрдүү чыгармалар, формалык жактан бири- бирине окшобогон көркөм туундулар жаралат. Адабий процесстин кыймылын, негизги тенденцияларын, багытын билүү, өзгөчөлүктөрүн көрө алуу сөз өнөрүнүн тарыхын, теориясын, сынды жакшы өздөштүрүүгө байланыштуу

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004