Адамдын экономикалык укуктары жана эркиндиктери

Адамдын экономикалык укуктары жана эркиндиктери – адамдын экономикалык чөйрөдөгү юридикалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоочу конституциялык укуктарынын жыйындысы. Азыркы демократиялык мамлекеттерде: жеке менчикке укуктуулук (анын ичинде жерге жана акыл-эс ишмердигинин жыйынтыктарына), мурастоого укуктуулук, жеке ишмердик (чарбакерлик өз демилгелүүлүк) эркиндиги, эмгектенүү эркиндиги жана башка эмгек укуктары, анын ичинде, иш таштоо, ишкананы башкарууга катышуу укуктары адамдын негизги экономикалык укуктары жана эркиндиктери болуп саналат. Адамдын экономикалык укуктары жана эркиндиктери мындай чөйрөсү көптөгөн өлкөлөрдүн Конституцияларында бекитилген.


Колдонулган адабияттар түзөтүү