Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка каршы кылмыш. Барымтага алынган адамды бошотуунун шарты катары мамлекетти, эл аралык уюмду, юридикалык же жеке жакты кандайдыр бир аракетти жасоого же жасатпай коюуга мажбурлоо максатында адамды барымтага алууну жана/же кармоону түшүндүрөт.

Кыргызстанда адамды барымтага алуунун кеңири таанымал фактысы 1999 ж. Баткен окуясында катталган. Анда өздөрүн Өзбек Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген согушчандар тобу Кыргызстандын Баткен аймагына кирип келишип, өз максаттарына жетүү үчүн милициянын, райондук бийлик кызматкерлерин, генерал Шамкеевди, ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү