Аденов Жумабай Аликеевич

Аденов Жумабай Аликеевич (1948-ж. туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл-Суу айылы) - химия илимдеринин доктору (1999). КМУну (1971), Кыргыз ССР ИАнын органикалык эмес жана физикалык химия институтунун аспирантурасын (1977) бүтүргөн. Ошол институтта кенже, улук илимий кызматкер, 1986-жылдан КММАнын кафедра башчысы. Химия жана химиялык технология боюнча илимий иштерди жүргүзгөн. Эмгектери: Соединения сурьмы с винной кислотой и ее производные (в соавторстве). Б., 1991; Биологическая роль химических элементов и применение в ветеринарии. Б., 1999; Биогендик элементтер. Б., 2000.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1