Адептик эрежелерге тиешелүү тыюулар
Көчмөн элдин байлыгы мал болгондуктан, аны асырап баккан. Бычактын мизи жогору карап калса, мал тилейт, малың кырылып калат деп жаткызып коёт. Бала түн ичинде ышкырса, үйүңө ууру кирет деп коркуткан. Ууру эч нерсе койбой көтөрүп кетип, үйдө шамал ышкырып калат дейт. Кыргыздар ышкырыкты анча сүйбөйт. Басса-турса ышкырынган баланы адепсиз, тарбиясы тайыз катары көрүшкөн. Ал эми үйдө отуруп ышкырынса, ого бетер олдоксон угулат. Дайыны жок ышкырынса, “Тишиңе таш тийгир” деген каргышка чейин айтылган. Биздин оюбузча, ышкырыкка тыюунун шамалдын пири-Айдар менен байланышы болуусу мүмкүн, эгин сапырууда аны ышкырып чакырышкан. Ал эми башка учурда шамалдын зыяны гана болбосо, зарылдыгы болгон эмес.

Кыргыздар “Отту теппе, шамалды сөкпө” деген тыюуну Кудайдын өзүнө таандык кылып эсептешкен. Оттун өзүнө карата эле бир канча тыюулар бар. Мисалы, отко суу сээп өчүрбөйт (оттун жаны өлөт дейт), отко түкүрбөйт, ыплас нерсени салбайт, отту бут менен тээп ичкертпейт, ырыскы качат деп очоктон от чыгарбайт. Казан-аяктын жугундусун очокко төкпөйт. От жакканда “сүйлөсө” (тырс-турс эткен үн чыкса) май чачып коет. От түгүл анын күлүн да тебелебейт, беймаалда күл төкпөйт, күлгө даарат ушутпайт, антсе сезгенип калат дешет. Жакшылык менен жамандык (мисалы: той менен өлүм) бир күндө болуп калат деп күлдү шыпырынды менен кошо албайт.

Уулду үйлөгөндө тойдон кийин, жаңы келиндин аягы оор болсун үчүн үч-төрт күн коломтодон күл чыгарбайт. Отко койгон түпкүчтү тебелебейт, тулганы теппейт, антсе ырыскы качат жана буту оорукчан болуп калат деп коёт. Булардын баары тең элдин аң сезиминдеги оттун ыйыктыгы менен түшүндүрүлөт. От адамзатка жарык, жылуулук берген. Аны күндүн жердеги бөлүкчөсү катары карашкан, ошондуктан отко карата болгон тыюуларды өтө байыркы мезгилдерде эле пайда болгон деп болжолдоого болот.
Кыргыз элинде 7-8 жаштагы баланы “кол арага жарап калган бала” деп мүнөздөшөт. Чындыгында эле, бул курактагы балдар мал кайтарууда, багууда, кыздар ийне кармап, үй шыпырып, тамак даярдоодо ата-энелерине дилгирлик менен жардам көрсөтө башташат. Бул курактагы балдар адеп-ахлактык түшүнүктөрдү, жүрүш-туруш адебин тез кабыл алышат. Ушундан улам ата-энелер балдарды олдоксон жорук жосундардан окчун кармап, айрым адепсиз көрүнүштөрдүн маанисин туура түшүндүрүүгө далалат кылышкан. Алсак, адамга бычак кезебей жүр, анты бар. Бычактын учу менен тамак жебе ачуулуу болуп каласың.

Досуңа бычак тартуулаба, бычакташкан душман болуп каласыңар. Мылтыкты адамга каратып мээлебе, огу жок болсо да атылып кетет. Мылтыктын өзүнөн өзү үч ирет атылчу шерти бар дейт. Адамды карап керилип-чоюлбайт. Керилип-чоюлганда адамдын ичиндеги бүт жамандык сыртка чыгып, жамандыгы кишиге тиет экен. Илгери бир киши көзүнчө керилип-чоюлган уулун атып салган дешет сыяктуу мисалдар айтылган. Саламдашпай сөз баштаба, ооз кесир сүйлөбө, эки кишинин ортосунан кесип өтпө, жуугандан кийин колуңду силкпе, уктап жаткан адамды аттаба, бата кылганы барган жерде оорулуунун абалын сураба, капталдан качырып сөз сүйлөбө, төргө улуулардан мурда өтүп кетпе, дасторкон четинде бутуңду сунуп отурба, кишиге артыңды салба, оокат жеп бүткөндө өзүңдөн улуудан мурда кол аарчыба, намаз окуп жаткан адамдын алдынан өтпө, мунжу менен майыпка күлбө сыяктуу тыюулар элдин адеп эрежелерине айланып кетишкен.


Адабият түзөтүү

А.Мурзакметов “Кыргыз ырым жырымдары” \-Ош-2005 \- ISBN 9967-08-112-0

Интернеттик шилтемелер түзөтүү