Адиев Мамытай
Адиев Мамытай 1924-жылы Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.
- 1935-жылы Кедей-Арык башталгыч мектебин, 7-классты Абдукаимов мектебинен бүтүрөт.
- 1942-жылы Ата-Мекенди коргоо үчүн сентябрь айында согушка кеткен.
- Ленинград фронтунда, артилериялык полкто кызмат кылып, 1944-1945-жылдары Дон, Любан, Новгород шаарларын, Эстония, Польшаны бошотууга, Рейстахтын үстүнө туу сайуу үчүн болгон согушка катышкан.
- “Ленинградты коргоо үчүн” медалы менен сыйланган.
- 1947-1953-жылдары “Жаңы-Кайрат” колхозунун башкармасынын орун басары, Октябрь районунда инструктор, колхоздун башкармасы, андан кийинки жылдары “Ленин” колхозунун партиялык уюмунун секретары, бригадир болуп эмгектенген.
- 1978-жылы 3-даражадагы “Эмгек даңкы” ордени менен сыйланат.
- “Кызыл-Жылдыз” ордени жана көптөгөн медалдардын ээси.
- 1989-жылы дүйнөдөн кайткан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАаламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3