Польша

европадагы мамлекет

Польша (пол. Polska), расмий ― Польша Республикасы (пол. Rzeczpospolita Polska) ― Европадагы мамлекет. Висла жана Одра дарыясынын алабында; түндүгүнөн Балтика деңизи менен чулганат. Түштүгүнөн Карпат, Судет тоолору, батышынан Германия жана түштүгүнөн Чехия, чыгышынан КМШ өлкөлөрү (Орусия, Беларусь, Украина жана Литва) менен чектешет.

Польша Республикасы
пол. Rzeczpospolita Polska

Герб
Туу Герб
Гимн: «Домбровский Маршы»
Негизделген 1025-жыл
Эгемендүүлүк күнү 11-ноябрь 1918-жыл
Расмий тилдери полякча
Борбор шаары Варшава
Ири шаарлар Варшава, Краков, Лодзь, Вроцлав, Гданьск
Башкаруу формасы Унитардык парламенттик республика
Президент
Премьер-министр
Анжей Дуда
Матэвуш Моравецки
Мам. дини Динден тышкары
Аянты
• Жалпы
69-чу - дүйнөдө
312 679 км²
Калкы
• Бааланган (2016)
Жыштыгы

38 454 576 [1] адам (36-чы)
123 ад./км²
АДӨИ ( 2014) 0,843[2] (өтө жогорку) (36-чы)
Акча бирдиги Поляк Злоты
(PLN, код 985)
Домени .pl
ISO коду PL
ЭОК коду POL
Телефон коду +48
Убакыт аралыгы UTC +1 (+2 - жайкы убак)

Аянты 312,7 миң км2.

Калкы 38,7 млн (2010). Административдик-аймактык жактан 16 воеводдукка бөлүнөт.

Борбору – Варшава шаары.

Акча бирдиги – злотый.

Мамлекеттик түзүлүшү

түзөтүү

Польша - унитардык мамлекет. Конституциясы 1997-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги эки палаталуу (Сейм жана Сенат) парламентке таандык. Аткаруу бийлигин президент жана Министрлер Кеңеши жетектеген өкмөт ишке ашырат. Польшада көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Польша Республикасынын жарандык платформасы, Укук жана чындык, Демократиялык солчул күчтөр союзу, Польша дыйкандар партиясы ж. б.

Табияты

түзөтүү
 
Польша.

Аймагынын 3/4 бөлүгүн ойдуң ээлейт. Балтика деңизинин жээги жапыз келип, кумдуу. Түндүгүндө дөңсөө-морена рельефтүү Балтика жалчасы (бийиктиги 329 мге чейин) жайгашкан; көлдөр көп кездешет (түндүк-батышында жана Мазур түздүгүндө). Борбордук бөлүгүндө батыштан чыгышты карай ойдуңдар тилкеси (Улуу Польша-Куявия жана Мозовецка-Подляски) созулуп жатат. Андан түштүгүрөөк Висла өрөөнү менен бөлүнгөн Силезия, Кичи Польша, Люблин дөңсөөлөрү, батышында Одра өрөөнү орун алган. Өлкөнүн түштүк чеги менен Судет (эң бийик жери 1602 м, Снежка чокусу) жана Карпат тоолору (2499 м, Татра массивиндеги Рысы чокусу), Батыш жана Чыгыш Бескид тоолорунун этек жалчалары созулуп жатат. Климаты мелүүн, деңиздиктен континенттике өтөт. Түздүктөрүндө январдын орточо температурасы –1°Сден –3°Сге чейин, июлдуку 16–19°С, бийик тоолуу бөлүгүндө 5–6°С. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм, тоолорунда 1000 лшден ашык. Дарыялары өтө жыш; негизги дарыялары: Висла (куймалары: Сан, Пилица, Буг), Одра (Ныса-Лужицка, Варта). Польшанын аймагынын 1/2ине жакыны айдалат, токой 27%ин ээлейт (негизинен тоолорунда жана өлкөнүн түндүк бөлүгүндө). Жазы жана ийне жалбырактуу токой (эмен, бук, мырза карагай, көк карагай) басымдуу. Татра, Карконоше, Кампина, Пенин улуттук парктары уюштурулган. Польшада Беловежа чер токоюнун батыш бөлүгү жайгашкан.

Элинин 98%тен ашыгы – поляктар. Ошондой эле украиндер, белорустар, немистер, чехтер, словактар, литвалыктар да жашайт. Католик динин калкынын 95%и тутат. Православныйлар менен протестанттар да бар. Мамлекеттик тили – поляк тили. орточо жыштыгы 1 км2ге 124 киши. Өлкөнүн түштүгүндө жышыраак. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 кишиге 11,5), өлүм-житим 1000ге 10 киши (балдардын өлүмү 1000ге 13,4). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 67 жаш, аялдарыныкы – 75. Шаар калкы 61%. Ири шаарлары: Варшава, Лодзь, Краков, Вроцлав, Познань, Гданьск, Шецин, Быдгош жана Катовице.

Тарыхы

түзөтүү

Польша аймагын адамдар палеолит доорунан мекендеген. 7-кылымда Польшада феодалдык мамиле орноп, дыйканчылык өнүгө баштаган. 10-кылымдын аягында алгачкы феодалдык Польша мамлекети түзүлгөн. Шаарлар (Краков, Познань, Гнезно ж. б.) пайда болуп, соода жана кол өнөрчүлүктүн борборуна айланган. 13-кылымдын аягында Поляк феодалдары тышкы душмандан чочулашып, өлкөнү бириктирүү үчүн күрөшкөн. Польшада сословиелик монархия калыптанган. Анын тышкы саясаты 14-кылымдагы күчтүү феодалдык герман агрессиясына сокку урууга жана ал басып алган жерлерди кайтарып алууга багытталган. Тевтон орденине каршы күрөштө Улуу Литва княздыгы менен түзүлгөн уния (1385) Польшага ийгилик алып келген. 14–15-кылымда бирдиктүү Польша мамлекетинин түзүлүшү маданияттын жогорулашына жана поляк тилиндеги адабияттын өнүгүшүнө жардам берген. 16-кылымдын 2-жарымында Польшанын тышкы саясаты Чыгышка – украин, беларус жана орус жерлерин басып алууга багытталган. Литванын Ливон согушунан (1559–83) начарлашынан пайдаланып, Польша феодалдары Улуу Литва княздыгын Польшага кошууга умтулуп, Речь Посполита мамлекетин түзгөн (булар мурун Улуу Литва княздыгынын бийлигинде болгон). 1596-жылы Речь Посполитанын аймагындагы чиркөөлөр Рим папасынын бийлигине өткөн, бул Украина менен Беларуссияда улуттук жана таптык карама-каршылыктардын күчөшүнө себеп болгон. Б. Хмельницкий жетектеген украин элинин 1648–54-жылдардагы боштондук согушунун жана 1654–67-жылдардагы орус-поляк согушунун натыйжасында Украинанын көп бөлүгү Россияга кайрадан кошулуп, Польшанын чыгыш элдерин басып алуу саясатына кыйраткыч сокку урулган. Украин жана беларус элдеринин боштондук күрөшүнүн таасири менен Польшада феодалдык түзүлүшкө каршы кыймыл күчөгөн. 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын ортосунда өлкөнүн маданий турмушунун төмөндөшү жана борбордук бийликтин начарлашынан пайдаланып, коңшу мамлекеттер Польшага үстөмдүк кылууга умтулушкан. 1770–90-жылдары Речь Посполитанын аймагы Петербург конвенциясы боюнча Пруссия, Австрия жана Россия тарабынан 3 жолу (1772, 1793, 1795) бөлүнгөн. 1772-жылы Речь Посполитанын жарым-жартылайын Пруссия, Австрия жана Россия, калганын 1793-жылы Россия менен Пруссия экинчи жолу бөлүп алгандан кийин Польшанын көз карандысыздыгы коркунучта калган. 1795-жылы Речь Посполитаны Пруссия менен Австрия үчүнчү жолу биротоло бөлүп алган (Украина, Беларуссия Россияга кайрадан кошулуп, Литва, Латвия жерлери анын бийлигине өткөн). Натыйжада Польша мамлекети жоюлуп, анын эли улуттук эзүүдө калган. Польшадан эмиграцияга кеткен патриот ишмерлер өлкөнүн көз карандысыздыгын калыбына келтирүүнү Франциянын жардамы менен ишке ашырууга умтулушкан. 1807-жылы Наполеон I Пруссияны талкалап, андан бошотулган аймакка Францияга көз каранды Варшава герцогдугун түзгөн. 1814–15-жылдары Вена конгресси Польшаны кайрадан бөлүүнү чечкен. Россия Варшава герцогдугунун көп бөлүгүн алган, Познань аймагы (Силезия менен Поморье) Пруссияга, айрым аймактары Австрияга өткөн. Краков «эркин шаар» деп жарыяланган. Польша аймагы бөлүнгөндөн кийин Россия падышалыгы поляк элин аёосуз эзген. Польша улуттук-боштондук көтөрүлүштөрү (1794, Т. Костюшко жетектеген; 1830–31, 1846, 1848, 1863–64) күч менен басылган. Польшада патриоттук жашыруун коомдор жана жумушчу партиялар пайда болгон. Россиядагы Октябрь революциясынын жеңиши Польшанын көз карандысыздыгы үчүн өбөлгө түзгөн. Совет өкмөтү 1918-жылы августта Польшаны бөлүштүрүү жөнүндөгү падыша өкмөтүнүн келишимдерин жойгон. 1918-жылы ноябрда көз карандысыз Польшанын өнөр жайлуу борборлорунда жумушчу депутаттар Совети түзүлгөн, 1918-жылы декабрда Польша компартиясы (ПКП) уюшулган. Бирок бийликти буржуазия менен помещиктер ээлеп, 1920-жылы советтик Россияга согуш ачкан. Лига тынчтык келишими боюнча 1921-жылы Украина жана Беларуссия жерлеринин батыш бөлүгү Польшанын бийлигине өткөн, 1926-жылы Ю. Пилсудский баштаган реакциячыл авторитардык режим орногон. ПКПни куугунтуктап, советтерди жоюп, айрым жерде пайда болгон Кызыл Гвардияны талкалаган. 1929-жылдын аягында өлкөнүн экономикасында кризистин алгачкы белгилери байкалган. Кризистин убагында (1929–33) Польшада жумушсуздар көбөйүп, массалык иш таштоолордун учурунда жумушчулар айрым ишканаларды ээлешкен. Бүлүнгөн айыл-кыштактарда дыйкандар полицияга жана салык жыйноочуларга куралдуу каршылык көрсөтүшкөн. 1939-жылы 1-сентябрда фашисттик Германия Польшага кол салып, экинчи дүйнөлүк согушту баштаган. Польша эли фашист немец баскынчыларына каршы боштондук согушка чыккан. 1942-жылы январда Польша жумушчу партиясы (ПЖП) түзүлгөн. Ал жумушчу-дыйкан союзунун биримдигин чыңдап, фашизмге каршы бардык күчтөрдү бирдиктүү Улуттук фронтко баш коштурган. 1944-жылы 1-январда Варшавада Улуттук фронттун убактылуу демократиялык органы – Крайова Рада Народова (КРН) негизделген. 1944-жылы 21-июлда КРН Польшанын улуттук-боштондук комитетин (ПУБК) – бийликти убактылуу аткаруучу органын уюштурган. 1944-жылы 26-июлда Советтер Союзу ПУБКны таанып, 1945-жылы 5-январда аны менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Советтик Армия менен Польша аскерлеринин 12-январда башталган кышкы чабуулунун натыйжасында Польшанын бүткүл аймагы (анын ичинде 1939-жылга чейин Германиянын курамына кирген жерлери да) жана 17-январда Польшанын борбору Варшава шаары бошотулган. 1945-жылдагы Потсдам, Крым конференциялары, 1943-жылдагы Тегеран конференциясынын Польшага өз жерин кайтарып берүү, анын батыш чек арасын Одер жана Нейса дарыясы боюнча белгилөө жөнүндөгү чечимдерин ырастаган. 1946-жылы 3-январда КРН бардык ири жана орто өнөр жай, тоо-кен, транспорт, соода ж. б. ишканаларды мамлекеттештирүү жөнүндө мыйзам чыгарган. 1948-жылы декабрда ПЖП менен ПСПнин кошмо съездинде Польша бириккен жумушчу партиясы (ПБЖП) түзүлгөн. 1949-жылы январдан Экономикалык өз ара жардамдашуу советине (ЭӨЖС) мүчө. 1950-жылы Польшанын Германия менен чек аралары аныкталган. 1976-жылдагы конституция боюнча Польша социалисттик өндүрүш жолу менен өнүгө баштаган. М. С. Горбачёвдун кайра куруу саясатынан улам СССРдин Польшага карата таасири бошоңдоп, өзгөрүүлөр болгон. 1989-жылы өлкөгө президенттик бийлик жана сенаттык институт киргизилип, парламенттик республика түзүлгөн. Польшанын мурдагы аты – Речь Посполита кайтарылган. 1995-жылы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө коалициялык өкмөт (Солчул күчтөрдүн демократиялык союзу, Польша дыйкандар партиясы ж. б.) түзүлгөн. Польша 1995–2005-жылдары президент Квасьневскийдин тушунда НАТОго мүчөлүккө алынып, альянстын Сербия (1999), Афганстан (2001) жана Иракка (2003) жасаган интервенциясына катышкан. 2004-жылдан П. ЕСтин мүчөсү. 2010-жылдан Польша президенти Бронислав Коморовский.

Экономикасы

түзөтүү

Польша экономикасы орточо өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Рыногу туруктуу темп менен өнүгүүдө. ИДПнин көлөмү 686,2 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 18,0 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 67,3, өнөр жайдыкы 28,1, айыл чарбасыныкы 4,6. Таш жана күрөң көмүр, жез, таш туз, жаратылыш газы казылып алынат. 2008-жылы 154 млрд кВтп-с электр энергиясы (негизинен ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Өнөр жайынын башкы тармактары: машина куруу (анын ичинде оор, авиа жана кеме куруу, электроника, электр-техникалык , престөөчү жабдуулар ж. б.), кара жана түстүү металургия, көмүр казуу, химия (химиялык була, пластмасса, минералдык жер семирткичтер ж. б.), фармацевтика, тамак-аш, айнек, текстиль. Заманбап технология жана илимий өндүрүштөрү өнүгүүдө. Айыл чарбасында өсүмдүк өстүрүү негизги ролду ойнойт. Европада кант кызылчасы менен картөшкө өстүрүү жана жумуртка экспорттоо боюнча алдынкы орунда. Дан эгиндери (кара буудай, буудай, сулу, арпа) айдалып, жер-жемиштер өстүрүлөт. Экспортко алма, кулпунай, дан куурай, карагат жана пияз чыгарат. Чочко, сүт-эт багытындагы мал чарбасы асыралат. Үй куштары багылат. Аарычылык жана деңиз балыкчылыгы өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 424, темир жолунуку 22,3, магистралдык куур транспортунуку 15,8 (анын ичинде газдыкы 13,6, нефтиники 1,4). Деңиз порттору: Гданьск, Гдыня, Свиноуйсьце, Шчецин. Сыртка машина жабдуулары, жарым фабрикаттар, ар түрдүү даяр өнөр жай буюмдары, азык-түлүк жана тирүү мал чыгарат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген өлкөлөр (товар жүгүртүүнүн 70%и туура келет; анын ичинде Германия, Италия, Франция) жана Россия.

Билим берүүсү

түзөтүү

Польшада мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, жалпы орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Билим берүүнүн негизин 12 жылдык билим берүү түзөт. Окутуу 18 жашка чейин акысыз жана милдеттүү. Польшада 126 мамлекеттик жогорку окуу жай, анын ичинде 17 университет, 22 техникалык , ошондой эле менчик жогорку окуу жайлар бар. 15 жаштан жогорку калктын сабаттуулугу 97%ти түзөт (2012). Улуттук тарых музейи ж. б. тармактык музейлери, ири китепканалары, илим-изилдөө мекемелери бар.

Массалык-маалымат каражаттары

түзөтүү

«Трибуна», «Фолксштиме», «Культура», «Лвовска», «Хлопска дрога», «Жиче Варшавы», «Дзенник людовы» ж. б. поляк жана англис тилинде чыгуучу гезит-журналдары бар. Радиоуктуруу 1944-жылдан, телекөрсөтүү 1952-жылдан, маалымат агенттиги 1966-жылдан иштейт.

Адабияты

түзөтүү

Польша адабиятынын өнүгүшү орто кылым (12–14-кылым), Кайра жаралуу (16–18-кылымдын ортосуна чейин) жана барокко доору деп үч мезгилге бөлүнөт. Польшада фольклордук салт элдик мурастарда, ырларда, макалаларда ж. б. жазмаларда кездешет. Орто кылымдагы туңгуч мурастар латын тилинде ак сөөктүк маанайда жазылган (12-кылымдын башында жаралган Г. Анонимдин туңгуч тарыхый хроникалык капелласы, Я. Длугоштун «Польшанын тарыхы» аттуу көп томдук чыгармасы). Я. Кохановский улуттук ыр түзүлүшүнө негиз салган. Бароккодон (А. Я. Морш, В. Потоцкий, Я. X. Пасек) кийин, 18-кылымдын ортосунан Агартуу доорунда адабиятта реформа, улуттук теңдик үчүн күрөш чагылдырылган (И. Красицкий, А. Нарушевич, С. Трембецкий, Т. К. Венгерский, ж. б). 1790-жылдары адабиятта боштондук күрөш, улуттук маданияттты сактоо темасына өзгөчө басым коюлган (А. Мицкевич – эки томдук «Поэзиясы», «Гражина», «Конрад Валленрод»; А. Мальчевский – «Мария»; С. Гощинский – «Канев сепили» ж. б.). 1863-жылдан адабиятта реализм өкүм сүргөн (А. Аснык, М. Конопницкая, Б. Прус, Г. Сенкевич). 19-кылымдын аягында прозада натурализм маанайы байкалат (А. Дыгасинский). Жумушчу кыймылынын башталышы менен «Варшавянка», «Кызыл байрак» сыяктуу пролетардык ырлар жаралган. 1890–1918-жылдары «Жаш Польша» реалисттери менен кошо модернисттик (импрессионизм, символизм, неоромантизм) агымдар жайылат (3. Пшесмыцкий, С. Пшибышевский). 1918–44-жылдары социалдык-тиричилик романы (С. Жеромский, 3. Налковская, М. Домбровская ж.б.), реалисттик психологиялык проза (Я. Ивашкевич, Налковская ж. б.), драма (Е. Шанявский), поэзия (В. Броневский, Б. Ясеньский, С. Р. Станде, Л. Пастернак, И. Фик ж. б.) өнүгөт. 1949-жылы Польша жазуучулар союзунун 4-съездинен кийин Домбровскаянын («Айылдагы үйлөнүү тою»), В. Чешконун («Муун»), Л. Рудницкийдин («Эски жана жаңы»), В. Жуковскийдин «Жеңилүү күндөрү» чыгармалары социалисттик реализм нугунда жазылган. 1950-жылдары философиялык проза (Т. Бреза, «Коло дарбаза»; С. Дыгат, «Диснейленд»), согуш темасында (Р. Братной, «Колумбдар, туулган жылы – 20»; Ивашкевич, «Даңаза жана даңк» үчилтиги ж. б.), айыл жериндеги өзгөрүштөр жөнүндө (Ю. Кавалец, В. Махеек, Т. Новак ж. б.), жумушчулар тууралуу чыгармалар (С. Р. Добровольский, Л. Вантула, Я. Пешхала ж. б.), тарыхый роман (Я. Паранадовский, Т. Парницкий ж. б.), философиялык фантастика (С. Лемм) пайда болот. 1956-жылга чейинки поэзиянын ийгилигинде Броневский, Гальчинский, Ивашкевич, Пшибося, Яструндардын үлүшү зор. Социалисттик реалисттик драманы түзүүдө Л. Кручовскийдин («Немецтер», «Эркиндиктин биринчи түнү») эмгеги зор.

Архитектура жана сүрөт искусствосу

түзөтүү

Неолит доорунда ар түрдүү оюу-чиймелүү карапа идиштер жасалып, коло жана темир доорунда жамаат чептери (Бискупин, биздин заманга чейинки 550–400-жылдар ченде) курулган. Христиан динин кабыл алгандан (966) кийин таат-ибадат курулуштарынын көбү таштан салынган. 11-кылымдын 2-жарымынан архитектурада роман стили таралат. 14–15-кылымда өлкөдө феодалдык монархиянын орношу менен шаар маданиятты гүлдөгөн. Германия, Чехия, Нидерланддын архитектуралык формаларын боюна сиңирген готика үлгүсүндөгү курулуштар түшкөн. Өлкөнүн түштүгүндө таштан жана кирпичтен храмдар (Вавелдеги собор, Краковдогу Дева Мария костёлу), Вроцлав, Познандагы соборлор, түндүгүндө кирпичтен костёлдор салынган. 15-кылымдын аягы – 16-кылымдын башында гуманизмдин жана реформачыл окуунун жайылышына байланыштуу Кайра жаралуу маданиятты түптөлгөн. Польшанын архитектурасында 18–19-кылымда классицизм (Лазенкидеги сарай, архитектор Д. Мерлини, Я. X. Камзетцер ж. б.), 20-кылымда конструктивизм үстөмдүк кылган. Экинчи дүйнөлүк согушта Польшанын ири шаарлары бүт талкаланган. Согуштан кийин шаарлар калыбына келтирилип, имараттар жаңы долбоорлор боюнча курула баштаган. Сүрөт искусствосунун эң байыркы эстелиги алгачкы жамат коомуна таандык. Гнезно сарайынын дарбазасы (12-кылым) роман стилинде кооздолсо, готика кезинде живопись (13–15-кылым) өнүгүп, 17–18-кылымда искусство барокко стилинде (Б. Беллотто, Я. П. Норблин, А. Орловский, М. Плоньский), 19-кылымда романтикалык маанайда (П. Михайловский) сүрөттөр тартылган. Мындан тышкары реалисттик жана улуттук пейзаж, тарыхый жанр өрүш алган (В. Герсон, Ю. Шерментовский, Я. Матейко). Сын реализми А. Герымскийдин, патриоттук сезим А. Гроттер, Г. Родаковскийдин чыгармаларында чагылдырылган. 19–20-кылымда реалисттик живопись (А. Каменский, С. Ленц ж. б.) өнүккөн, символизм (С. Выспяньский, Я. Мальчевский), кубизм жана экспрессионизм да өз таасирин жоготкон эмес. Скульптурада М. Конечный, Е. Бандура ж. б., графикада В. Скочиляс, X. Хростовской-Петрович, Е. Панека ж. б. сүрөтчүлөрдүн эмгеги зор.

Музыкасы

түзөтүү

Польша музыкасы – славян музыкалык маданиятынын байыркыларынын бири. Элдик ырлар краковьяк, мазурка бийлери менен эриш-аркак өнүккөн. 18-кылымда жаңы ыр жанры (козголоңчулардын ырлары), 19-кылымда революциячыл жумушчулардын ырлары («Варшавянка», 1883) пайда болгон. Элдик аспаптары: скрипка, генсле (жаалуу), дуда, лигава, басун (үйлөмө), бубна (урма). Элдик бийлери: полонез, куявяк, оберек ж. б. 12-кылымдан чиркөө музыкасы, 15-кылымда көп үндүү вокалдык-аспаптык музыка жана улуттук полифониялык стиль өнүккөн. М. Каменьский, Я. Стефанилер туңгуч опера, А. Мильвид, В. Даньковскийлер туңгуч симфония жазып, М. К. Огинский полонез жанры менен таанылган. Польша музыкасынын өнүгүшүндө Ф. Шопен, С. Монюшко зор роль ойногон, 19-кылымдын 2-жарымы – 20-кылымдагы белгилүү композиторлор: В. Желеньский, 3. Носковский, Ю. Венявский ж. б. «Жаш Польша» тобуна кирген М. Карлович, Л. Ружицкий, К. Шимановский улуттук музыка искусствосунун принциптерин негиздешкен. Ф. Шопен атындагы пианисттердин (1927-жылдан Варшавада), эстрадалык ырлардын (Сопот шаарында) эл аралык фестивалдары ж. б. конкурстар өткөрүлөт.

Театры

түзөтүү

Орто кылымда театр искусствосунда литургиялык драма, кийин мистерия театры өкүм сүргөн. Кайра жаралуу доорунда сарай театрлары пайда болгон. 18-кылымда улуттук театр искусствосунун өнүгүшүнө В. Богуславский чоң салым кошкон. 1765-жылы Варшавада түзүлгөн Улуттук театрда Ф. Заблоцкий, Ю. Немцевич ж. б. драматургдардын чыгармалары коюлган. 19-кылымдын 60-жылдарынан өлкөдө Краков театры (жетекчиси С. Козьмян) алдынкы катардагы театрлардан бири болгон. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында көрүнүктүү театр ишмерлери К. Каминьский, М. Френкель, М. Пшибылко-Потоцкая ж. б. сахнадагы реализм салтын улантышкан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жаңы элдик театрлар курулду. 1949-жылы театрлардын көбү улуттук театрларга айландырылды. Белгилүү актёрлору: А. Зелрверович, К. Адвентович, 3. Мрозовская, А. Сленская; режиссёрлору: А. Ханушкевич, Э. Аксер, М. Прус ж. б.

Киносу

түзөтүү

Польшада кино 1908-жылдан чыга баштаган. Кино искусствосунун өнүгүшүнө 1930-жылы түзүлгөн «Старт» кино бирикмеси таасир тийгизген. Экинчи дүйнөлүк согуш кино өнөрүнө кедерги болуп, элдик демократиялык түзүлүш орногондон кийин гана «Акыркы этап» (режиссёр В. Якубовская), «Муун», «Канал», «Күл жана Алмаз» (үчөө тең А. Вайданыкы) сыяктуу фильмдер тартылган. Польшада классикалык чыгармалардын негизинде «Күл», «Үйлөнүү тою» (режиссёр А. Вайда), «Куурчак» (В. Хас), «Пан Володыевский» (Е. Гофман), «Коперник» (Э. жана Ч. Петельскийлер) сыяктуу мыкты фильмдер коюлган. Көрүнүктүү актёрлору: З. Цибульский, Л. Винницкая, Б. Тышкевич, П. Ракса, Д. Ольбрыхский ж. б. Кинематографисттер союзу 1966-жылы уюшулган.

Булактар

түзөтүү

Колдонулган адабияттар

түзөтүү