Адинамия (гр. adynamia - алсыздык) – эс-акылдын, психиканын, кыймыл системасынын начарлашынан күч-кубаттын өтө төмөндөшү. Адинамия жугуштуу ооруларда, гипоксияда, эндокрин безинин иши, көбүнчө борбордук жана четки нерв системасында, булчуңда зат алмашуу бузулганда болот. Адинамияда активдүүлүк азайып, энергпя аз сарпталып, орган жана ткандарга кан жетишсиз келип, кычкылтек менен камсыз болуу начарлайт, капиллярларда кан жай агат. Кыймылсыздыктан булчуң кичирейип, сөөк ичкерип бузулат. Сөөктүн курамындагы кальций азайып, зат алмашуу бузулгандыктан май ткандары көбөйөт. Мында адам тез чарчайт, жүрөк булчуңунун жыйрылуусу төмөндөйт. Адинамия жаш дененпн өсүшүн токтотот, адамды эрте картайтат. Оорунун кесепетпнен болгон адинамияда атайын айыктыруучу дене тарбия көнүгүү комплекси сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1