Психика (байыркы грек тилинен {, ψυχή } «дем алуу, жан») — мээнин объективдүү дүйнөнү активдүү түрдө чагылдыруу иши.

Психика түзүлүшү

Психика тууралуу

түзөтүү

Психика аркылуу кишиде айлана-чөйрө менен байланыш түзүү, ошондой эле ой жүгүртүү жолу менен айланадагы чындык, анын ичинде өзү жөнүндө түшүнүк калыптанат.
Мээ өзүнүн сезүү органдары аркылуу чагылдыруу функциясын жүзөгө ашырат. Келген информацияны жогорку орган текшерет, эске тутат, ал кишинин айлана-чөйрөгө жооп кайтарууда аң-сезимдүү аракетинин негизин түзөт. Киши төрөлгөндүн биринчи күндөрүнөн баштап, көбүнчө айлана-чөйрөнүн таасири аркылуу психика калыптана баштайт. Психиканын биологиялык негизи болгон мээнин системалары жалгыз гана тышкы чөйрөнүн таасиринен жаралбастан, биринчи иретте тубаса жана генетикалык факторлордун таасиринен пайда болот.

Адамдын психикасы

түзөтүү

Адамдын психикасы — коомдук тарыхый өнүгүштүн натыйжасы. Эмгек миллиондогон жылдар бою психиканы калыптандыруучу фактор болду. Адамдын коомдук эмгек тажрыйбасында чагылып, өзгөрүп, татаалданып, психиканын кишиге гана таандык жогорку формасы — аң-сезим пайда болгон. Кишилер дүйнөнү таанып-билүү психикага гана эмес, аны өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү психикага ээ. Мээ — психикалык ишмердүүлүктүн органы, ошондуктан мээнин ар кыл майыптыктары жана оорулары психиканын бузулушуна, психикалык ооруларга алып келиши мүмкүн. Эгерде ошол майыптыктар жана оорулар баланын түйүлдүк кезинде же наристе балада болсо, анда психиканын өөрчүшүндө түрдүү формадагы өзгөрүштөр байкалат (Жогорку нерв иши).

Колдонулган адабият

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8