Административдик юстиция

Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча атайын сот жана сот өңдүү органдардын тармагы, ошондой эле (кыйла тар маанисинде), бир жагынан, административдик иштерди, жарандар менен юридикалык жактардын, экинчи жагынан, мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы административдик-укуктук талаштарды кароонун процесстик тартиби. Акыркы маанисинде, соттук териштирүүнүн негизги элементтерин сактоо менен жүзөгө ашырылгандыктан, сот ишмердигинин бир түрү болуп саналат. Биркатар чет өлкөлөрдө А. ю. тармагы ХIХ кылымдын экинчи жарымында эле калыптанган. Азыркы учурда атайын административдик (Франция, Германия, Швейцария ж. б.), же ведомстволук административдик соттор менен айкалышкан жалпы соттор (АКШ, Улуу Британия ж. б.) анын органы болуп саналат. Кээде аткаруучу бийлик органдарынын, же жалпы юрисдикциядагы соттордун алкагындагы өзгөчө бөлүмдөр тарабынан жүзөгө ашырылат.[1]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7