Адсорбци (лат. аd – үстүндө, sorbere - соруу, сиңирүү) – эриген же газ абалындагы заттар (адсорбаттын) суюктук же катуу зат (адсорбенттин) бетине сиңиши. А. натыйжасында фазалар тийишкен бетиндеги адсорбат концентрациясы эритменин баштапкы концентрациясына салыштырмалуу өзгөрөт. Адсорбат менен адсорбенттин молекулалардын өз ара аракеттенүү мүнөзүнө жараша Адсорбци физ. жана хемосорбция болуп бөлүнөт. Физ. А-да адсорбат менен адсорбенттин мол-ларынын өз ара аракеттенүүсү өтө начар болот. Хемосорбция убагында адсорбат менен адсорбенттин ортосунда реакция жүрүп, жаңы бирикме пайда болот. А-ланган мол-лардын кайра бөлүнүшү десорбция деп аталат. Белгилүү убакыт бирдигинде А-ланган (же десорбцияланган) молекулалардын саны А-нын ылдамдыгын билгизет. Температуранын жогорулашы А. ылдамдыгын төмөндөтөт, хемосорбция ылдамдыгын арттырат. А. менен хемосорбция ылдамдыгы теңелгенде, А. теңдештик пайда болот. Адсорбаттын концентрациясы жана басымы көбөйгөндө А-нын ылдамдыгы жана адсорбцияланган молекулалардын теңдештигинин саны жогорулайт. Техникада адсорбент катарында активдүү көмүр, Al2O3, цеолит, силикогель колдонулат. А. кубулушу ар кандай газдар жана суюктуктарды тазалоодо, кургатууда, бөлүүдө (мис, этил спиртин активдүү көмүр аркылуу чыпкалоо), о.эле хим. полиграфиялык, курулуш жана башка өнөр жайларда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү