Адык, урук
Адык — тынымсейит уруусунун курамындагы урук.[1] Этноним сөздүн байыркы формасын сактап калган. Энчилүү атты байыркы замандардан белгилүү жана кенен таралган тотемдерден болгон "аюу" менен байланыштырууга болот. С.М. Абрамзондун далилдөөсүндө "адыг" — мааниси "аюу" дегенди аныктаган тотемдик этноним.[2] Аюу — байыркы түрк тилдеринде сүйлөгөн урууларда, элдерде “адыг”, “азыг” формаларында кездешет. Тувалардын тилинде аюу — “адыг”, хакас диалектилеринде “азыг”, “адыг” деп айтылат.[3] Түштүк Сибирдин түрк элдерннде аюуга тотем-жаныбар катары сыйынуу өтө кенен таралганы маалым.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2