→← Бириктирүү Адыл баатыр
Адыл Баатыр, Адыл Субан уулу (болжолу 1815/20-1860)-19-к-дын 1-жарымындагы түндүк кыргыздардын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү инсан. Атасы Субан Ныязбек бийдин уулу, атактуу "Ныязбектин сегиз бегинин" бири болгон.

Субан уулу Адыл
(1815-1860)
Кыргыз хандыгы
 
Каза болгон жылы: 1860 жыл(1860)
Каза болгон жери: Каракоюн
Атасы: Ныязбек уулу Субан
Кесиби: Баатыр, Аскер башчысы

Адыл Баатыр Ормон ханда аскер башчысы катары кызмат кылып, баатыр атка конгон.
1847-ж. Кенесары Касымовдун аскерлерине каршы согушта көрсөткөн эрдиктери менен белгилүү болгон. 1855-59-ж. бугу менен сарыбагыштын чабышына катышкан. Орус бийлигине моюн сунууну каалабагандыгы үчүн, 1860-жылдын жазында Ысыккөлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу кошууну тарабынан Ысыккөлдүн күнгөйүндө туткундалып, Верный чебине камалган, ошол жерде өлгөн. Сөөгү Атбашыдагы Каракоюн деген жерге коюлуп, күмбөз тургузулган.

Шилтеме түзөтүү

Кыргыз тарыхы Category:Персоналия