→← Бириктирүү Адыл Субан уулу
Адыл баатыр, Адыл Субан уулу (болжолу 1815\20–1860) – 19 - кылымдын 1-жарымындагы түндүк кыргыздардын саясий чөйрөсүндөгү таасирдүү инсан.

Атасы Субан Ныязбек бийдин уулу, атактуу «Ныязбектин сегиз бегинин» бири болгон. А.б. Ормон ханда аскер башчысы катары кызмат кылып, баатыр атка конгон. 1847-ж. Кенесары Касымовдун аскерлерине каршы согушта көрсөткөн эрдиктери м-н белгилүү болгон. 1855–59-ж. бугу менен сарыбагыштын чабышына катышкан. Орус бийлигине моюн сунууну каалабагандыгы үчүн, 1860-жылдын жазында Ысык-Көлгө келген капитан Венюковдун жазалоочу кошууну 5 тарабынан Ысык-Көлдүн күнгөйүндө туткундалып, Верный чебине камалган, ошол жерде өлгөн. Сөөгү Атбашыдагы Каракоюн деген жерге коюлуп, күмбөз тургузулган.

Пайдаланылган адабиятттар түзөтүү