Ажыдаар чопо кениЧүй облусунун Ысык-Ата районунда, Ивановка шаарчасынан 28 км түштүктө, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1079–1200 м бийиктикте. 1969-ж. табылган, 1973 - 87-жылдары геол. чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң тектер түзөт. Пайдалуу кумайлуу топурак катмары пролювий-аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болуп, кум-шагылдын үстүндө жатат. Катмардын узундугу бир нече кмге созулуп, калыңдыгы 7–20 м. Саргыч боз түстө. Арасында бирин серин гипс кезигет. Гранулометриялык курамы: 0,005 мм – 31,99–44,73%; 0,01–0,005 мм – 7,33–19,29%; 0,5–0,01 мм – 42,32–54,36%; суу сиңиримдүүлүгү 18%. Кумайлуу топурактан Ивановка курулуш материалдар комбинаты “75”, “100” маркасындагы кирпич жасайт. Запасы В категориясы боюнча 815 миң м3, С1–1687 миң м3, В+С1–2502 миң м3. 1996-жылга карата калган запасы В категориясы боюнча 354 миң м3, С1–1671 миң м3, В+С1–2025 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү