Ажыратуу жөндөмдүүлүгү - оптикалык приборлордун нерселердеги жакын жайланышкан эки чекиттин сүрөттөлүштөрүн даана көрсөтүүчү чоңдук. Сүрөттөлүштөрдүн кошулуп кетерине туура келүүчү эки чекиттин ортосундагы минималдуу аралык прибордун ажыратуу чеги деп аталат. Бул чоңдукка тескери чоңдук прибордун оптикалык күчүн туюнтуп, оптикалык системадагы ар түрдүү абберацияларга жана жарык толкунунун дифракцпя кубулушуна көз каранды. Ар кандай оптикалык прибор жарык нуру кирүүчү жана чыгуучу эки тешиктен турат. Эгерде абберациясыз, өтө так жасалган оптикалык системаны алсак, тешиктерден өткөн жарык толкундар дифракциялык кубулушка чалдыгып, ар бир чекиттин сүрөттөлүшү чекитти курчаган жарык жана караңгы шакекчелердпн системасы түрүндө көрүнөт. Эгерде ар бир дифракциялык тактын борбордук экинчи кара тегеректин чети менен тийишсе, дифракция теориясынын негизинде жанаша жаткан эки чекит өз алдынча так көрүнөт. Бул шарт Рэлей критерийи деп аталат. Мындан келип чыккан ажыратуу жөндөмдүүлүгүнүн чегин аныктоочу формула оптикалык системанын параметрлери ƒ жана Dга көз каранды δ = 1,21 ƛ ƒ/D, мында ƛ - жарык толкунунун узундугу, ƒ - оптикалык системанын фокус аралыгы, D - кирүүчү тешигинин дпаметрп. Абберациясыз оптпкалык спстема болбойт. Ошондуктан, реалдуу оптпкалык системалардын ажыратуу жөндөмдүүлүгү бул формула боюнча эсептелген сандан башкача болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1