“Азаттык Медиа” мекемеси - “Азаттык үналгысынын” Бишкек бюросунун юридикалык аталышы.

Негизинен, “Азаттыктын” Бишкек бюросу тээ 1991-жылдын жаз айларынан тартып калыптана баштаган.

Бюро уюшула электе жергиликтүү кабарчылар Т.Чоротегиндин батириндеги телефон аркылуу Мүнхендеги баш кеңсе менен байланышып турушкан.

Бул бюро айрым жылдары Бишкектеги “Кыргыз кабар” агенттигинин, Кыргыз улуттук энциклопедиясынын, Кыргыз агро-өнөр жайдын имаратындагы жана башка айрым жеке менчик жайлардагы бөлмөлөрдү ижарага алып турду.

2005-жылдын 31-мартында “Азаттыктын” Бишкек бюросу Кыргызстандын Адилет министрлиги тарабынан “Азаттык Медиа” мекемеси катары расмий каттоодон өтүп, жергиликтүү калайык үчүн мултимедиялык тармактарда ар кыл берүүлөрүн таркатып, интернет барагын сунуштап келет.

«Азаттык» үналгысы – бул АКШнын Конгресси каржылаган “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын” (Radio Free Europe/Radio Liberty, Inc.; RFE/RL) Кыргыз кызматынын аталышы.

Бул кызматтын туңгуч кыргызча берүүсү обого 1953-жылы 18-мартта чыгарылган (караңыз: Азамат Алтай).


Адабият тизмеси түзөтүү

  • "Кыргызстан": Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы редактору академик Үсөн Асанов. - Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. - 688 бет, илл. - ISBN 9967-14-046-1.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү