Асанов, Үсөн (26. 1. 1934ж. т., Нарын облусу, Нарын району, Эмгекчил айылы)- физик-химик, химия илимдеринин доктору (1977), профессор (1980), КР УИАнын академиги (1987, корреспондент мүчө 1983), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1979), СССРдин ойлоп табуучусу, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2000). КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери (1994). Д. И. Менделеев атындагы МХТИни (1956), СССР ИАнын физика-химия институнун аспирантурасын (1967) бүтүргөн. 1956-87-ж. Кыргыз ССР ИАнын оргпникалык эмес жана физика-химия институтунда кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, директордун орунбасары, 1987-93-ж. КМУнун ректору болуп иштеген. 1993-2005-ж. КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын (1996-жылдан Улуттук аттестациялык комиссия) төрагасы, ошол эле учурда (2002-жылдан) Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редактору. Химия жана химиялык технология боюнча илимий иштерди жүргүзгөн.

Үсөн Асанович Асанов, 1987-жыл.

Илимий ишинин негизги багыты - электр разрядындагы химиялык процесстердп изилдөө. Ал учкун разряддарын пайдаланып, химиялык синтездин (карбиддер, сульфиддер, кычкылтектер ж. б.) жаңы методдорун негпздеген. Бул жааттагы иштеп чыгуулары 50дөн ашуун автордук күбөлүк жана патенттер менен күбөлөндүрүп, алардын көбү өндүрүшкө киргизилген. Анын ойлоп табуучулук ишмердиги жогору бааланып, Эл аралык ойлоп табуучулардын алтын медалына татыктуу болгон (Женева, 2003). Асанов - 300дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинен 12 монография, жогорку окуу жайлары үчүн 7 окуу китеби), 51 ойлоп табуунун автору. Анын жетекчилиги менен «Кто есть кто в Кыргызской науке» (1997), «Наука Кыргызстана в лицах» (2002), «Наука Кыргызстана в зеркале диссертационных исследований» (2003), «Химия» (1997) ж. б. 20дан ашык тармак энциклопедиялары жарык көргөн. Эл аралык «Руханият», ошондой эле Ж. Баласагун, И. Арабаев атындагы сыйлыктардын лауреаты. КРнын Жогорку Кеңешинин «легендардуу» парламент депутаты (1989-94). Эмгек Кызыл Туу, III даражадагы «Манас» ордендери, «Даңк» медалы ж. б. менен сыйланган. Нарын шаарындагы өзү окуган орто мектеп-лицейге ысмы ыйгарылган (2004).

Жубайы Тамара Байымбетова – физика-математика илимдеринин кандидаты, ардагер.


Так же о нём можете узнать в учебнике химия 8 класс Автор;Б.РАСПАЕВ

Илимий эмгектери түзөтүү

  • Синтез соединений металлов в условиях низковольтного искрового разряда в жидких диэлектриках. – Фрунзе: Илим, 1978.
  • Жалпы химия(авторлош). – Бишкек, 1997.
  • Физикалык химия (авторлош) Б., 2000;
  • Органикалык химия курсу (авторлош) Б., 2001.
  • Физико-химические процессы в плазме искрового разряда создаваемого в жидких диэлектриках. Б., 2001.
  • Энергонасыщенные среды в плазме искрового разряда Б., 2002.
  • Аналитикалык химия. – Бишкек, 2004.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү