Азезилдин жактоочусу (тасма)
«Азезилдин жактоочусу» (англ. Devil’s Advocate) — Америкалык жазуучу Эндрю Найдермандын романынын негизинде, режиссёр Тэйлор Хэкфорд тарабынан тартылган мистикалык драма. Тасма «Сатурн» сыйлыгында "Мыкты ужас тасма" наамын алган.
Азезилдин жактоочусу
| |
Devil’s Advocate | |
Жанры |
Ужас, триллер, драма |
---|---|
Режиссёру |
Тэйлор Хэкфорд |
Продюсери |
Энн Копельсон |
Сценарийдин автору |
Жонатан Лемкин |
Башкы ролдордо | |
Оператору |
Анжей Бартковяк |
Композитору |
Жеймс Ньютон Ховард |
Кинокомпания |
Regency Enterprises |
Узактыгы |
144 мүнөт |
Бюджети |
57 млн. $ |
Кирешеси |
152 944 660 $ |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
IMDb |
Мазмуну
түзөтүүФлоридадан чыккан жаш, ийгиликтүү жактоочу Кевин Ломакс (Киану Ривз) кимдин иши болбосун актап чыгат. Жадакалса "кызды кордоду" деп шектелген мугалимдин күнөөлүү экенине көзү жетип турса да актайт. Ошентип анын атагы Нью-Йоркко чейин жетип, чоң корпорациянын башчысы Жон Милтон (Аль Пачино) жумушка чакырат. Карапайым турмушта жашаган Кевин жубайы Мери-Энн (Шарлиз Терон) менен Манхэттенге келип, жаңы жашоо башталганына кубанышат. Бирок Нью-Йоркто Кевин менен Мери-Энн үчүн ийгилик да, чоң сыноо да башталат. Ал Милтондун көрсөтмөсү менен жалаң кылмышкер миллионерлерди жактап, күнөөсү болсо да баарын актап чыгат. Жубайы Мери-Эннге барган сайын чоң мегаполис жакпай, көзүнө жаман нерселер көрүнө баштайт. Кенен, кооз үй тозокко айланып, Флоридага кеткиси келет. Кевин болсо баш-оту менен ишине киришип, жубайынын акылынан азып баратканына маани бербей калган эле. Мерини көзүнө көрүнүп жаткан коркунучтуу нерселер акылынан аздырып, акыры өз өмүрүн кыюуга чейин жеткирет. Сүйүктүүсүн жоготкондон кийин Кевин кантип шайтанга азгырылып кеткенин, Жон анын атасы экенин, бир кездеги анын кардары мугалим кайра жаш кызды өлтүрүп кармалганын жана башка көп ачуу чындыктарды билет...
Тасма тууралуу
түзөтүүТасмага алгач көп спецэффекттер колдонулуп, блокбастер кылып тартышмак. Мындай идея Аль Пачиного жакпай калгандыктан, режиссёр кайрадан сценарийди жазып чыккан. Аль Пачинонун кесибине жоопкерчилик менен мамиле кылганын билдирген, Жон Милтондун ролун жеткиликтүү аткара аламбы деп көпкө ойлонот. Жадакалса өзүнүн ордуна "Роберт Редфорд же Шон Коннерини тартсаңар болмок" деп сунуштаган. Жыйынтыгында өзү көрүүчүнүн кыжырын кайнаткан арамза, бузуку Жондун ролун ийине жеткире аткарган. Ал эми Кевиндин ордунда.Киану Ривзге чейин Брэд Питт, Эдвард Нортон, Жон Кьюсакка да бул роль сунушталган экен.
Каармандарда
түзөтүүАктёр | Каармандар | |
---|---|---|
Киану Ривз | Кевин Ломакс (Kevin Lomax) | |
Аль Пачино | Жон Милтон (John Milton) | |
Шарлиз Терон | Мэри-Энн Ломакс (Mary Ann Lomax) | |
Конни Нильсен | Кристабелла Андреоли (Christabella Andreoli) | |
Жеффри Жонс | Эдди Барзун (Eddie Barzoon) | |
Жудит Айви | Элис Ломакс (Mrs. Alice Lomax) | |
Тамара Тюни | Жекки Хит (Mrs. Jackie Heath) | |
Крэйг Т. Нельсон | Александр Каллен (Alexander Cullen) | |
Рубен Сантьяго-Хадсон | Лаймон Хит (Leamon Heath) | |
Дебра Монк | Пэм Гаррети (Pam Garrety) | |
Вито Ружинис | Митч Уивер (Mitch Weaver) | |
Лаура Харрингтон | Мелисса Блэк (Melissa Black) | |
Георг Винер | Меисел (Meisel) | |
Крис Бауэр | Ллойд Геттис (Lloyd Gettys) | |
Хезер Матараццо | Барбара (Barbara) | |
Лев Бурмистр | Флориданын прокурору (Florida Prosecutor) | |
Нил Жонс | Барни (Larry) | |
Билл Мур | Гарсон Дидс (Garson Deeds) | |
Георг Гор | Гарлемдеги жигит (Boy in Harlem) | |
Ким Чан | Кытайлык (Chinese Man) | |
Каприс Бенедетти | аял (Menage A Trois Woman) | |
Дон Кинг | камео | |
Жеймс Саито | Такаори Осуми (Takaori Osumi) | |
Новелла Нельсон | Ботаник (Botanica Woman) | |
Винсент Ларесца | (Big Guy #1) | |
Глория Линна Генри | Тиффани (Tiffany) | |
Антон Варгас Кортес | Ырчы (Flamenco Singer) | |
Моника Кина | Алессандра Каллен (Alessandra Cullen) | |
Билл Боггс | репортёр (Reporter #2) | |
Жон Ротхма | Бройго (District Attorney Broygo) | |
Соцорро Сантиаго | (Nurse) | |
Альфонс Д'Амато | камео (партиялык ишмер) | |
Эрни Грюнфельд | камео (партиялык ишмер) | |
Аллен Грубман | камео (партиялык ишмер) | |
Павел Бенедикт | Вальтер Красна (Walter Krasna) | |
Рой Жонс | (көргөзүлбөгөн) | |
Делрой Линдо | Филипп Мойез (Phillipe Moyez) |
Тартуучу топ
түзөтүү- Режиссёру: Тейлор Хэкфорд
- Сценаристтери: Жонатан Лемкин, Тони Гилрой (Эндрю Найдермана романынан)
- Оператор: Анжей Бартковяк
- Композитор: Жеймс Ньютон Ховард
Кошумча маалыматтар
түзөтүү- Тасма жарыкка чыккандан кийин скульптор Фредерик Харт Жон кинону тарткан «Warner Brothers» кинокомпаниясын сотко берген. Маалыматка ылайык, Милтондун пентхаусундагы сүрөттөр анын скульптуралык паннолорунун көчүрмөсү болуп чыккан. Соттун жыйынтыгында компания скульпторго автордук гонорар төлөп берүүгө мажбур болгон.
- Тасмага Аль Пачинону тартууга бюджети жетпегенин билгенде Киану Ривз өзүнүн гонорарын кыскартууну сунуштаган. Тасмадагы ролу үчүн Киану 8 миллион доллар алганы белгилүү.[1].
- Милтон менен Ломакстын бокс оюнундагы эпизоду чыныгы рингден алынган. Ал эпизод 1996-жылкы Рой Жонс кичүүсү менен Брайан Брэннон беттешинде тартылган.
- Шарлиз Терон каарманынын образын жакшы жеткирүү үчүн 3 ай бою психотерапевтке барып жүргөн.
- Тасма «Сатурн» сыйлыгында "Мыкты ужас тасма" наамын алган.
Сыйлыктары
түзөтүү- «Сатурн» сыйлыгы — Мыкты ужас тасмасы
- «MTV» — Мыкты азезил (Аль Пачино)
Эскертүүлөр
түзөтүүШилтемелер
түзөтүү- Азезилдин жактоочусу (англ.) Internet Movie Database сайтында