Азоттун иммобилизациясы

Азоттун иммобилизациясы - атмосферадагы молекулалык азоттун байланышы жана анын орг. азоттук кошулмаларга которулушу. Жаратылышта азоттун айлануусунда мааниси чоң. Жыл сайын азоттук бактериялар биздин планетанын топурагынын азоттук фондусуна 190000 тга чейин N2 даярдайт. Процесстин жүрүшүндө молекулалык азот аммиакка чейин калыбына келет жана кеток-та менен реакцияланып амин к-таларды пайда кылат. Азотту калыбына келтирүүдө аэробдук жана анаэробдук бактериялардын ачып-кычуусу энергиянын булагы болуп кызмат кылат. Топуракта эң эле кеңири таралган бактериялардын катарына эркин жашоочу бактериялар (азотобактер, клостридиум уруусунун өкүлдөрү жана башка), татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөрдөгү симбиоздук бактериялар (мисалы, түймөк бактериялары) жана цианобактериялар (көк жашыл балырлар) жана башка кирет.

Топуракта эркин жашоочу бактериялар гектарына 20 кг азот чогултат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү