Азот жер семирткичтери – өсүмдүктөрдү азот менен камсыз кылуу максатында топуракка себилүүчү, курамында азот болгон орг.эмес заттар. А. ж. с. орг., минералдык жер семирткичтери болуп бөлүнөт. Илгертен бери азот жер семирткичи болуп кык пайдаланылып келет. Кык жер семирткичи Орто Азиянын сугат дыйканчылыгында мурдатан бери белгилүү. Минералдык жер семирткичтер кийинчирээк колдонула баштаган. 19-к. орто ченинде Чилиде өндүрүлүүчү табигый натрий селитрасы пайдаланыла баштаган. Аммиак жер семирткичине аммиак селитрасы, хлордуу аммоний, аммоний бикарбонаты жана суюк аммиак кирет. Аммоний сульфаты менен аммоний хлорди дайыма колдонулса, топурактын кычкылдуулугу көбөйүп кетет. Аны топуракты акиташтоо менен жоюуга болот. Аммиак жер семирткичинин ичинен суюк А. ж. с-нин мааниси чоң. Аммиактуу нитрат жер семирткичине аммиак селитрасы, аммоний сульфонитраттары кирет. Нитраттуу жер семирткич – натрий, кальций, калий, селитралары. Натрий селитрасы щелочтуу болгондуктан, кычкыл топурактуу жерлерге – кант кызылчасына, буудайга, арпага жана башка өсүмдүктөргө чачылат. Кальций селитрасы аммиак селитрасы менен аралаштырылып, умачталган түрдө чыгарылат. Калий селитрасы өсүмдүктү азот, калий менен камсыз кылат. Амид А. ж. с. – мочевина, кальций-цианамиди, мочевиналуу (формальдегиддүү) жер семирткичтер. А. ж. с. чачуу өлчөмү топурак курамына, өсүмдүк биологиялык өзгөчөлүктөрүнө, кык же орг. жер семирткичтер менен камсыз болушуна жараша аныкталат. А. ж. с. негизги жер семирткичтер менен өсүмдүктөрдү кошумча азыктандыргыч катарында да колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү