Айбек Абдылдаев
Айбек Абдылдаев (1982-жылы 5-июнда туулган) ― журналист, жазуучу.
Кыскача өмүр жолу
түзөтүүЖурналист, жазуучу Айбек Абдылдаев 1982-жылы 5-июнда Алай районундагы Каблан-Көл айылында туулган. 1999-жылы Э.Мурзаев атындагы орто мектепти, 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин Журналистика бөлүмүн аяктаган.
Журналистикадагы эмгек жолун 2003-жылы “Ош жаңырыгы” гезитинен баштаган. 2003-2007-жылдары “Ош жаңырыгы” гезитинде кабарчы, жооптуу катчы болуп иштеген.
2007-2021-жылдары BBC Кыргыз кызматынын кабарчысы, веб-редактору, Лондондогу кеңсесинде радио продюсер болуп эмгектенген.
2014-2015-жылдары Ош мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө мугалим:
2021-жылдан тарта “Азаттыктын” веб-редактору, 2023-жылдан тарта башкы редактору болуп эмгектенүүдө.
Сыйлыктары жана наамдары
түзөтүү2004-жылы Таш Мияшов атындагы жаш акын-жазуучулардын фестивалынын лауреаты болгон.
Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун Ардак грамоталары менен, 2008-жылы ӨКМдин “Өзгөчө кырдаалдарды жоюуга катышкандыгы үчүн” төш белгиси менен сыйланган.
Чыгармалары
түзөтүү- 2016-жылы “Түндөр” ырлар жыйнагы жарык көргөн.
- 2021-жылы “От кечкен отуз күн” аңгемелер жыйнагы жарыяланган.
Шилтемелер
түзөтүү- "Түндөр". А4702300200-16. УДК821.51. ББК 84 Ки 7-5. ISBN 978-9967-180-56-9. ©Абдылдаев А., 2016
- "От кечкен отуз күн". УДК821.51-3. ББК 84 (5Кир)-44. ISBN 978-9967-29-448-6. ©Абдылдаев А., 2021.