Айвазовcкий (Гайвазовский) Иван (Ованес) Константинович

Айвазовcкий (Гайвазовский) Иван (Ованес) Константинович - (17 (29). 7. 1817, Феодосия - 19. 4 (2.5). 1900, ошол эле жерде) орус сүрөтчүсү, деңиз пейзажынын чебери. Армян соодагеринин баласы. 1833-37-ж. Петербург сүрөт академиясында окуган. 1844-жылдан Башкы деңиз штабынын сүрөтчүсү. 1845-жылдан Феодосияда жашап, өзүнүн өнөрканасында сабак берген (1986) жана сүрөт галереясын негиздеген (1880). 1845-ж. академик, 1847-ж. профессор, 1887-ж. Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европалык бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде Айвазовский өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петербургдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрүнүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840-ж. өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген европалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жогору баалашкан. Сүрөтчү 1836-ж. А. С. Пушкин менен таанышып, ага бир катар картиналарын арнаган. Айвазовскийдин бүткүл өмүрүндөгү искусствосунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары И. К. Айвазовский. «Тогузунчу вал». 1850. Орус музейи. Ленинград. талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну менен күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирлүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар арасында» (1898) деген шедеврлердин, ошондой эле 6 миңге жакын картина, сүрөт жана акварелдин автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1