Айви Лигасы (англ.The Ivy League) — АКШнын түндүк-чыгышындагы жети штатта жайгашкан сегиз жеке америкалык университеттердин ассоциациясы. Бул аталыш ушул университеттердеги эски имараттарды ороп алган чырмооктун бутактарынан келип чыккан. Лиганын курамына кирген университеттер жогорку сапаттагы билимге ээ.

Лига мүчөлөрү:

Тарыхы түзөтүү

Айви лигасы - алгач АКШнын түндүк-чыгышында жайгашкан сегиз жеке менчик жогорку билим берүү институтунун спорттук бирикмеси. Бул термин ушул сегиз мектепке бирдиктүү топ катары көп колдонулат. Бул билим сапатындагы эксклюзивдүүлүктү, кабыл алууда тандалууну жана социалдык элитага таандык болууну билдирет.

"Айви Лигасы" термини 1954-жылдан , NCAA Division спорт бирикмеси түзүлүп, америкалыктар ар кандай университеттик спорт (футбол) командаларынын күйөрмандарына бөлүнгөндөн кийин кабыл алынган. Бирок, убакыттын өтүшү менен Айви Лигасы түшүнүгү андагы бириккен университеттердин жашоосунун башка бөлүктөрүнө да жайылды.

Айви Лигасынын университеттери (же жөн эле "Айвилер") U.S. News and World Report журналдарынын рейтингтери боюнча АКШдагы эң мыкты 15 колледждин жана университеттин катарына кирет. Ошентип, 2010-жылы АКШнын эң мыкты университеттеринин арасында алдыңкы үчтүктү Айви Лигасынан Гарвард, Принстон жана Йель университеттери алган. Лиганын университеттери дүйнөдөгү эң бай академиялык институттардын катарына кирет. Бул фактылар аларга мыкты студенттерди жана окутуучуларды тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Айви Лигасынын университеттери ар кандай булактардан каржыланган өлкөнүн алдыңкы илимий борборлорунун бири катары карасак болот. Тактап айтканда, Айви Лигасынын университеттеринин өз каражаттары бар. Мисалы, Гарвард жана Йель университеттеринин эндаументтери (endowments) 2014-жылы 36,4 жана 23,9 миллиард долларды түзгөн.