Айдарбек чокусуАлай кырка тоосундагы Текелик тоосунун эң бийик жери. Көк-Суу жана Текелик (Кызыл-Суунун оң куймалары) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 5125 м. Чоку девон менен карбондун калың катмарлуу доломит, кумдук, мрамор тектеринен туруп, конус сымал түзүлүштө. Түндүк тарабы тик, жалама беттүү. Альпинизмге ыңгайлуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1