Текелик тоосуАлай кырка тоосунун түштүк тармагы. Көксуу (батыш) жана Текелик сууларынын (Кызылсуунун оң куймалары) аралыгында түндүк-батыштан түштүк-чыгышка 27 кмге созулуп жатат. Туурасы 12 км. Орточо бийиктиги 4300–4500 м, эң бийик жери 5127 м (Айдарбек чокусу). Кыры кууш, зоокалуу,мөңгүлүү; капталдары тик жана кыска келип, капчыгайлуу.

Карбон менен девондун кумдук, алевролит, акиташ тектүү конгломерат, доломит, аргиллит тектеринен турат. Шалбаа-бадалдуу (2500–2700 м бийиктикке чейин),шалбаа-токойлуу (арча; 2700–3100 м), субальп альп, шалбаалуу талаа (3100–3700 м) жана суук чөл, гляциалдык-нивалдык ландшафт зоналары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү