Айдаркен кенташ калдыгын сактоо жайы

Айдаркен кенташ калдыгын сактоо жайы - Баткен облусундагы Айдаркен шаарчасына жакын жайгашкан. «Айдаркен сымап комбинаты» мамлекеттик акционердик коомуна караштуу. 1967-ж. ишке киргизилген. Аянты 40 000 м2. Консервацияланган эмес. Мында Айдаркен сымап кенинин рудасын иштетип, пайдалуу металлды бөлүп алгандан калган, курамында сымап, сурьма, фтордуу кальций, мышьяк ж. б. бар кенташ (руда) калдыктары сакталат. Азыркы абалы экологиялык жактан канааттандырарлык, бирок жалпы экологиялык системаларга таасирин тийгизип турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1