Айдаркен сымап кени - Баткен облусунун Кадамжай районунда. Фрунзе кыштагынан түштүк-батыш тарапта, Эшме тоосунун түштүк бетинде. Кен археологиялык маалыматтар боюнча элге 10–11-кылымдан белгилүү деп божомолдонот. Кен ж-ндө алгачкы геол. маалымат 1926-ж. берилген. Геологиялык чалгындоо жумуштары 1928-жылдан үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Натыйжада Айдаркен кен талаасынан 10дон ашык участка табылган. Кен аймагын силур, девон жана карбон мезгилдеринде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ тектери, юра, бор мезгилдеринин чопо, кумдук, конгломераттары түзөт. Алар татаал бүктөлүүлөргө дуушарланып, тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Бул структуралык түзүлүштөр диабаз-порфирит жана сплит дайкаларынын жиреп чыгышына шарт түзгөн. Тоотектер гидротерм эриндилеринен өзгөрүүлөргө учураган. Сланец менен акиташ тектеринин кошулган жерлеринде сымап, сурьма, флюорит, мышьяк рудалары топтолгон кабат түрүндөгү жаспероиддер пайда болгон. Кендин курамында 70тен ашык минерал кездешет. Негизгилери: киноварь, метациннобарит, сфалерит, галенит, антимонит, арсенопирит, аурипигмент, ковеллин, пирит ж. б. Кендин өнөр жайлык мааниси чоң, ал дүйнөдөгү ири кендерден. Көп жылдан бери казылып алынууда. Анын базасында Айдаркен комбинаты иштеп жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү