Айдар кызы Суксур Килемчи, өрмөкчү, чачыкчы. 1886-ж. Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында төрөлгөн.

Ал Улуу Ата Мекендик согушка чейин килем токууга, өрмөк согууга кызуу узанган. Небере-чөбөрөлөрүнө таркатылган. Карылыкка байланыштуу кийин узданбай, көп мыкты үлгүлөрү сакталбаган. Бир эле аянттуу килемдин ортолук көчөтүнүн табакчаларына «Кыңыр моюн», «Кытайшак көчөтү», «Пашайы көчөтү», «Тогуз дөбө», «Тайлак раман көчөтү», «Кош мүйүз көчөтү» өңдүү кооздуктарды так салып, андай көркөм каражаттары ич ара таар термелерине да өткөнү анын эски үлгүлөрүнөн баамдалат. Суксур байбиченин ошондой килем, таар сыяктуу көркөм буюмдарына үндөшкөн эски үлгүлөр Каратейит, баргы уруулары тарапта жашаган элдерде көп сакталган. Экспедиция учурунда алар сүрөткө тартылып, кайрадан үлгү кылып жаратуу үчүн Борбордук көркөм эксперимент лабораториясына экспонатталган. Эмгеги баттамада.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0