Айланчык кыйшык башы — (лат. Ancylostoma duodenale) ичеги анкилостомасы, мите жумуру курттардын бир түрү.

ооз.

анкилостоматиддер тукумундагы жумуру курттар, адамдын он эки эли ичегисинде мителик кылат, ургаачысынын узундугу 8-18 мм, эркегиники 8-10 мм. Ооз көңдөйүндө 4 тиши бар. Оозу менен ичегинин былжыр челине бекип, кан менен азыктанат. 4-5 жыл жашайт. Жумурткалары сүйрү, түзсүз жука чел кабык менен капталган. Уруктанган жумурткалар оорулуу адамдын заңы менен жерге түшүп, 30-32°Сде жана нымдуу 1 суткадан кийин андан личинкалар чыгат. Алар заң жана башка чириген органикалык заттар менен азыктанат. Личинка адам организмине булганган жер-жемиш, жашылчалар, суу аркылуу кирет. Денеге кирген личинкалар веналарга өтүп, жүрөккө барат, андан өпкөгө, кекиртек аркылуу кулкунга барып, шилекей менен жутулуп, он эки эли ичегиге түшүп, анда өсүп жетилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Bio-stub