Айланым салыгы — продукцияны сатуудан түздөн-түз мамлекеттик бюджетке түшүүчү накта киреше. Ал товардын дүң баасына кошулат. Айланым салыгын чарбалык эсептин негизинде иштеген жана банктарда өзүнчө баланстары, ошондой эле эсеп-кысабы бар мамлекеттик ишканалар, уюмдар, өндүрүштүк бирикмелер (компаниялар, комбинаттар), коомдук ишканалар, чарба аралык кооперативдештирилген уюмдар төлөшөт. Айланым салыгы товар сатууда, ошондой эле ал товарларды чекене же дүң баалар боюнча ишканаларга же өндүрүштүк бирикмелерге саткан кезде да төлөнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1