Айланыш мөӊгүсү Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы ереен тибиндеги мөӊгү. Уз. 3,8 км, аянты 4,4 км2. Анын «тили» кууш шынаа сымал келип, аскалардын сыныктары жаап калган.

Фирн талаасы тоо кырына чейин көтөрүлүп, андан жыланач аскалар чыгып жатат.
А. мененүн бетинде эки мөнгү көчкүсү даана байкалат. Моренага көмүлгөн «жансыз» муздун кууш тилкеси мөӊгү бузулганда кескин кыскаргандыгына күбө болот. Мөӊгүнүн башы дениз денг. 4920 м, этеги 3130 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3730 м. Абляӊия обл- нын аянты 2,4 км2. Мөӊгүдөн Жети-Өгүздүн оӊ куймасы — Айланыш суусу башталат.