Аймухамедова Гульсым (Мария) Бурановна

Аймухамедова Гульсым (Мария) Бурановна (1919-ж. туулган, Челябинск облусу, Троицк шаары) химик, техника илимдеринин доктору (1965), профессор (1967). Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1975), Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1985). Москвадагы М. В. Ломоносов атындагы университетте окуган (1941), Кыргыз мамлекеттик пединститутту бүтүргөн (1945). 1943-жылдан СССР ИАнын Кыргыз филиалынын, 1954-жылдан Кыргыз ССР ИАнын химия институтунда, 1960-жылдан органикалык химия институтунда лабораториянын башчы, 1971-жылдан директорунун орун басары, бөлүм башчы, консультант болуп иштеген. 1991-жылдан КРнын УИАнын ардактуу академиги, Химия жана химиялык технология институтунун башкы илимий кызматкери. Илимий эмгектери табигый бирикмелерди өндүрүүнүн химиясы жана химиялык технологиясына, өсүмдүк сырьёлорун кайра иштетүүгө арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Пектиновые вещества и их определения (в соавторстве). Ф., 1964; Свойства и применение пектиновых сорбентов (в соавторстве). Ф., 1984; Зависимость свойств пектиновых веществ от их метоксильной составляющей (в соавторстве). Ф., 1990.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1