Айран-Суу минералдуу суусу

Айран-Суу минералдуу суусу дарыланууга жана ичүүгө жарамдуу минералдуу суу булактары. Чүй облусунун Москва районунда, Беловодский кыштагынан 30 км түштүктө, Ак-Суу (Жарташ) минералдуу суусунан 3 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте. Суу жергиликтүү элге илгертен белгилүү. Алгачкы геол. маалымат 1956-ж. берилген. Суу аймагын ордовик мезгилинде пайда болгон кумдук, акиташ теги, сланец түзөт. Минералдуу суу булактары түндүк-чыгышка карай созулуп жаткан тектоникалык жаракадан булак түрүндө агып чыгат. Суу муздак (7°–10°С), тунук, жытсыз, кычкыл даамдуу, көмүр кычкыл газдуу (СО2–500 мг/л). Аз минералдашкан (0,4–0,6 г/л), курамы гидрокарбонат-сульфат-кальций-магнийлүү. Булактын чыгымы 1 л/сек. Микрокомпоненттерден Ак-Суу минералдуу суусуна караганда молибден эки эсе көп (0,011 мг/л), фтор 0,35 мг/л. Сууну суусун катары ичсе болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү