Айрыма тоосу — Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармагы. Көгаласай (Сумсар), Кашкасуу жана Касансай сууларынын аралыгында түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 23 кмге созулуп жатат. Туурасы 5 км. Орточо бийиктиги 2800–3000 м, эң бийик жери 3374 м. Кыры тайпак, капталдары тик (35–40°), кыска кокту-колоттуу. Силурдун чөкмө (кумдук, сланес, акиташ теги) жана жанартоо (андезит-порпирит, диабаз, туп), дебондун доломит, кумдук, грабелит тектеринен түзүлгөн. Жарым чөл жана кургак талаа (1400–1500 м бийиктикке чейин), талаа жана шалбаалуу талаа (2300–2400 кмге чейин), андан жогору бадал-токойлуу-шалбаа менен жылаңач аскалуу нибалдык ландшапт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Айырма тоосу

Колдонулган адабияттар түзөтүү