Миӊбаева Айсалкын Маматовна (1938-2004) - ОшМУнун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты, астрономияны окутуу усулдары боюнча адис.

Миӊбаева, Айсалкын Маматовна
Туулган жылы:

1938-жыл

Каза болгон жылы:

2004-жыл

Өлкө:

Кыргызстан желеги Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

Физика, Астрономия

Илимий даражасы:

педагогика илимдеринин кандидаты (1998)

Илимий наамы:

доцент

Альма-матер:

Ош мамлекеттик университети

Кыскача маалымат түзөтүү

1967-жылдан баштап «Жалпы астрономия» жана «Астрофизика» курсу боюнча лекция окуган. Университетгин алгачкы астрономия лабораториясын түзүп, диаметри 60 мм телескоп-рефрактору, спектрометр жана ТАИР-12 фотокамерасы менен жабдылган. Студенттер үчүн астронометрия жана астрофизика боюнча 15 лабораториялык жумушту камтыган кыргыз тилиндеги окуу колдонмосу басмадан чыккан. Азыркы мезгилде дагы ошол колдонмону пайдаланып, астрономия жана астрофизика предмети окутулууда. Жогорку жайлары үчүн «Астрофизика» жана «Астрономия» боюнча окуу китептеринин автору.

Эмгектери түзөтүү

1987-жылы Каракол шаарында ПГПИде өтүлгөн «Совершенствование преподавания физических и математических дисциплин в педвузах» аттуу республикалык илимий-методикалык конференцияда. А.Миӊбаева «Усиление роли физики в изучении вопросов астрофизики - важнейшее условие в совершенствовании преподавания астрономии в пединститутах» аттуу илимий эмгеги боюнча докладды талкууга койгон. Кийин бул темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

Адабият түзөтүү

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.