Айсулуу Тыныбекова

Кыргызстандык спортчу жана эркин күрөш боюнча эл аралык спорт чебери

Айсулуу ТыныбековаКыргызстандык спортчу, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону жана Азиянын беш жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, ар кандай эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын (2020) күмүш байге ээси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери.

Айсулуу Тыныбекова

Айсулуу Тыныбекова (көк формачан) азербайжандык Юлия Раткевич менен беттешүүдө, Париждин Алтын Гран-Приси, 58 кг аялдар чейрекфиналы, 8-февраль, 2014.
Жеке маалыматы
Жынысы

Аял

Толук аты-жөнү

Айсулуу Болотовна Тыныбекова

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Эркин күрөш

Төрөлгөн датасы

4 -май 1993(1993-05-04) (30 жаш)

Төрөлгөн жери

Майлуу-Суу, Жалал-Абад облусу, Кыргызстан

машыктыруучу

Нурбек Изабеков

Бою

170

Салмагы

62

Спорттук чини

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери

Aisuluu Tynybekova

Өмүр баяны түзөтүү

1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө төртүнчү бала, эки эжеси, ага-иниси бар. Айсулуу бала кезинен баштап спортко жакын болуп өстү. Спортко жакын болушуна апасы чоң салым кошкон. Үй-бүлөдө өзгөчө салт бар: баары күн сайын эртең менен чуркашат[1].

Айсулуу 8-класска чейин мектептин баскетбол командасынын капитаны болгон. 9-классты бүтүргөнгө чейин каратэ менен машыгып жүргөн. 10-классында эркин күрөш менен алектене баштаган. Ата-энесин колдоосуна ээ болуп, профессионалдык спорт менен машыгуу үчүн Бишкекке көчүп келген[1].

Залда маттар болбогондуктан, күрөш ыкмаларына матрацтарда үйрөнгөн. Кесипкөй болуп, өзүнүн үстүнөн иштеп, дүйнөлүк чемпион болуу каалоосу спортчуга үйдү жана ата-энесине болгон сагыныч сезимин жеңүүгө жардам берген[1].

Эгемен Кыргызстандын тарыхында спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу. Ал ошондой эле күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы кыргызстандык. Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери, "Даңк" медалы, II даражадагы Манас орденинин ээси. Тыныбекова Нурбек Изабеков менен Түгөлбай Базакечевдин жетекчилиги алдында машыгат[2].

Жетишкендиктери түзөтүү

  • 2010-ж. аялдар күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медалды уткан жана жаштар арасында Азиянын чемпиону болуп калган.
  • 2012-ж. Лондон Олимпиадасынын катышуучусу. Эл аралык турнирлерде бир нече жолу утушка жетишкен.
  • 2013-ж. Азия чемпионатынын коло медалынын женген. РФ Казан шаарында өткөн Дүйнөлүк Студенттик олимпиадада коло медалга ээ болгон.
  • 2014-ж. Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн XIV Азия оюндарынын коло медалы
  • 2015-ж. Орусияда өткөн Олимпиада чемпиону Иван Ярыгиндин Гран-присинин күмүш медалы.
  • 2014-2015-жж. Азия чемпионатынын күмүш медалы
  • 2016-ж. Таиланддын борбору Бангкок шаарында өткөн Азия чемпионатында, 58 килограмм салмактагы категорияда атаандаштарын утуп, Азиянын чемпиону болду. Машыктыруучулары - КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана Түгөлбай Базакечов.
  • 2018-ж. XVIII Азия оюндарынын чемпиону. Индонезия.
  • 2019-ж. Дүйнө чемпиону. Нур-Султан, Казакстан.
  • 2020-ж. Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү. Белград, Сербия.
  • 2021-ж. Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси
  • 2021-ж. Дүйнө чемпиону. Осло, Норвегия. 62 кг.
  • 2023-ж. Дүйнө чемпиону. Белград, Сербия. 62 кг.

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

  • 2017-ж. "Даңк" медалы менен сыйланган[3].
  • 2019-ж. «Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик» номинациясында Кыргыз Республикасынын Ч.Т.Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты[4].
  • 2021-ж. Токио шаарында өткөн XXXII жайкы Олимпиада оюндарындагы ийгилиги үчүн II жана Манас орденинин ээси[5].
  • 2023-ж. "Жылдын эң мыкты балбан кызы" деп Күрөш дүйнөсү уюму жарыялаган[6].

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 1.2 31 факт о гордости Кыргызстана Айсулуу Тыныбековой, которая в 19 лет впервые участвовала в Олимпиаде //https://limon.kg/ru/news:68730
  2. Айсулуу Тыныбекова — өмүр баяны, 02.08.2016
  3. Орден «Данк» - за спортивные заслуги.
  4. Кто получил новую молодежную премию Чингиза Айтматова и за что.
  5. Жапаров вручил Тыныбековой 10 млн сомов, автомашину и орден "Манас".
  6. Күрөш дүйнөсү уюму Тыныбекованы жылдын мыкты балбан кызы деп тапты