Айтбаев, Кубаныч Сыдыгалиевич

Айтбаев Кубаныч Сыдыгалиевич (21.12.1949-ж. т., Нарын ш.) — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Депутаты (1990 -95).
1972-ж. Кыргыз айыл чарба институтун, 1995-ж. Алматыдагы жогорку партиялык мектепти бүткөн.
1972—75-ж. Кыргыз мал чарба илимий изилдөө институнунун илимий кызматкери, аспиранты, 1975-ж. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинде зоотехник, 1977 — 83-ж. Кыргызстан КП Аламүдүн райкомунда инструктор, Кыргызтан КП БКнын айыл чарба бөлүмүнүн инструктору, 1983—88-ж. Кыргызстан КП Кант райкомунун 2-катчысы 1988— 91-ж. эл депутаттарынын Жайыл райондук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1991—92-ж. төраганын биринчи орун басары, 1992-жылдан Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.