Айтбаев Базылбек (1926, Талас облусу, Бакай-Ата району, Бейшеке кыштагы - 1986, ошол эле жерде) - малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1973). Эмгек жолун 1942-ж. Талас облусунун Ленинполь районундагы «Бейшеке» колхозунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1957-жылдан баш чабан. Ал кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1972-ж. ар жүз тубар койдон 161ден козу, ар койдон 5,2 кг жүн; 1973-ж. 163төн козу, 5,3 кг жүн кыркып алууга жетишкен. 1974-79-ж. СССР Жогорку Советинин, 1967-75-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1977). Эки Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1