Талас облусу
Талас облусу - Кыргызстандын түндүк батыш жагынан орун алган, өлкө ичиндеги территориясы жана калкынын саны жагынан эң аз жана чакан облус. Жалпы аянты 11 400 км², калкынын саны 2011-жылдагы эсеп боюнча 231 800 адамдан турат. Облустун борбору Талас шаары эң алгач кыштак катары 1877-жылы негизделген. Талас 1913-жылга чейин Ак-Чий кыштагы деп аталып, орус бийлигинин орношу менен бул жер Дмитриевка деп өзгөртүлүп, Дмитриевка борбор катары шаар деп белгиленет. Бирок Талас облусу аймак катары 1944-жылга чейин Чүй облусунун бир бөлүгү катары эсептелинип келген. 1944-жылы СССРдин Жогорку Советинин 22-июндагы чечимине ылайык Кыргыз ССРинин курамында облус катары уюштурулуп, борбору кайрадан мурдагы аталышы Талас шаары болуп аталган. 1956-жылы 18-февралда Фрунзе облусуна кошулуп, 1962-жылы бул облус жоюлган соң анын аймагындагы Талас району, Киров (Азыркы Кара-Буура) району жана Ленинполь (Бакай-Ата) району Республикага түз баш ийдирилген. Аймактык жактан 1980-жылдын 3-сентябрынан тартып 1988-жылдын 5-октябрына чейин азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул району Талас облусунун курамында болгон. Кыргыз Республикасы Эгемендүү Республика катары жарыяланганы Талас облусунун территориясы башка аймактардын эсебинен өзгөрүлө элек. Ошондой эле облустун курамына 4 район, 36 айылдык округ, 90 айыл, 1 шаар тибиндеги кыштак кирет.
Талас облусу | |||
| |||
Өлкө: | |||
---|---|---|---|
Абалы: | |||
Курамында: |
1 шаар, 4 район | ||
Акимий борбору: | |||
Түзүлгөн убакыты: | |||
Ыйгарым өкүлү: |
Эралиев Дастан | ||
Ырасмый тили: | |||
Калкы (2019): |
263 500 | ||
Жыштыгы: |
20,33 адам/км² | ||
Жер аянты: |
11 400 км² | ||
Саат алкагы: | |||
ISO 3166-2 коду: |
KG-T | ||
Унаа коду: |
T, 07 | ||
Ырасмый сайты |
Административдик-аймактык түзүлүшү түзөтүү
Булактарга шилтемелер түзөтүү
Кыргызстандын акимий бөлүнүүсү | |||
---|---|---|---|
Облустар: | Баткен облусу · Жалал-Абад облусу · Нарын облусу · Ош облусу · Талас облусу · Чүй облусу · Ысык-Көл облусу | ||
Шаарлар: | Бишкек · Ош |