Айтийбес

Айтийбес-жер аты. Азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чавай(Чаувай) кыштагына туташкан тоолордун койнундагы жылгаа ушундай аталат.

Жергиликтүү элдин айтышынча, Чавай өзөнүнүн түштүк ныптасындагы арча-бадалдуу жылгаага жайкысын эгерим Айдын нуру тийбейт экен. Ошон үчүн жыш токойлуу жылгаанын бул бөлүгү «Айтийбес» деп аталып калган.