Айтмурзаев Ташмурза - (18.1.1930-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Иренжит айылы) КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004), КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (1999). Физика-математика илимдеринин кандидаты (1958). КМУну (1952) жана анын аспирантурасын (1956) бүтүргөн. 1963-65-ж. КМУда декан, ОМПИнин ректору (1965-67), ФПИде проректор, декан (1967-89), 1999-жылдан КМУда профессор. Теориялык физика, талаа теориясы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 3 окуу китептин автору. Медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Электродинамика жана салыштырмалуулуктун атайын теориясы. ЖОЖдор үчүн окуу китеби. Б., 2000.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1